"Жылдын мыкты мугалими" наамы Лейлектик эжеге ыйгарылды

© Фото / пресс-служба Минобрнауки"Жылдын мыкты мугалими – 2016" номинациясынын жеңүүчүсү болуп Баткен областынын Лейлек районунун Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бегалиева Бегайым болду
Жылдын мыкты мугалими – 2016 номинациясынын жеңүүчүсү болуп Баткен областынын Лейлек районунун Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бегалиева Бегайым болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жылдын мыкты мугалими – 2016" республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева "Жылдын мыкты мугалими – 2016" республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Республикалык сынак 4 номинация менен өткөрүлгөн. Алар: "Жылдын мыкты мугалими", "Жылдын мыкты инновациялык мектеби", "Жылдын мыкты бала бакчасы", "Жылдын мыкты айылдык мектеби".

Белгилей кетсек, буга чейин сынактын райондук жана облустук этаптары өткөрүлүп, жеңүүчүлөр республикалык сынакка катышууга жолдомо алышкан

"Жылдын мыкты мугалими – 2016" номинациясынын жеңүүчүсү болуп Баткен областынын Лейлек районунун Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бегалиева Бегайым болду. Экинчи орунду Бишкек шаарынын №69 гимназия мектебинин немец тилинин мугалими Абдыкеримова Самара ээледи. Үчүнчү орунга Ош облустунун Кара-Суу районундагы Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Раева Гулжамал чыкты", — деп айтылат маалыматта.

"Жылдын мыкты инновациялык мектеби" номинациясы боюнча 1-орунду Бишкек шаарынын №68 мектеп гимназиясы жеңип алды. Экинчи орунду Чүй облусунун Петровка мектеп-гимназиясы ээлеген, үчүнчү орунду Ош облусунун Ноокат районунун Гапаров атындагы гимназия мектеби ээледи.

Кыргызстандын желегин жиптен тартып жаткан кыз - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан атаандаштык боюнча рейтингде 138 өлкөнүн ичинен 111-орунду ээледи
"Жылдын мыкты бала бакчасы" номинациясы. 1-орун — Чүй облусунун Сокулук районунун №3 ясли-бакчасы, 2-орун — Бишкек шаарынын №51 бала бакчасы, 3-орун — Ош областынын Алай районунун "Жоогазын –Мурдаш" бала бакчасы ээледи.

"Жылдын мыкты айылдык мектеби" номинациясы боюнча биринчи орунга Ош облусунун Кара-Суу районунун Дадан Султанов атындагы орто мектеп татыды. Экинчи орунду Нарын областынын Ат-Башы районунун Наамат Усеналиев атындагы орто мектеби ээледи, үчүнчү орунга Ысык-Көл областынын Түп районунун Өмүр Баатыр орто мектеби ээ болду.

Эскерте кетсек, аталган сынак 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0