Раев окурмандарга "Антистандарт" тартуулады

© SputnikЖазуучу Султан Раевдин "Антистандарт" деп аталган ырлар жыйнагы
Жазуучу Султан Раевдин Антистандарт деп аталган ырлар жыйнагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйнакка автордун ондогон жылдардан берки жазып жүргөн жана жаңы, сыясы кургай элек ырлары киргизилген.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жакында драматург, жазуучу Султан Раевдин "Антистандарт" деп аталган ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Раев кыргыз окурмандарына буга чейинки драмалары жана прозалык чыгармалары менен белгилүү болучу. 

"Китепте чыгармачыл адам катары турмушка, дүйнөгө, жашоого, сүйүүгө болгон көз карашым чагылдырылды",— деп айтты автор Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине. 

Автор жыйнак "Антистандарт" деп салттуу поэзияга окшошпогондугунан улам аталгандыгын билдирди. 

Жыйнакка автордун ондогон жылдардан берки жазып жүргөн жана жаңы, сыясы кургай элек ырлары киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0