07:35 22 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Маданият

Еuronews каналы Кыргызстан жөнүндө промо-роликти көрсөтүп жатат

Кыскача шилтеме алуу
42620
© Youtube / AntaresCreativeGroup

Red Jolbors Fest жарнама фестивалында коло медалга татыган Кыргызстан жөнүндөгү промо-ролик Еuronews телеканалынан көрсөтүлүп жатканын Antares Creative Group продакшн-студиясынын өкүлү Светлана Верченко Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

50 секунддук роликте Кыргызстандын табияты жана туристтердин көңүлүн бурган көчмөн турмушу тууралуу баяндалат.

"Үйгө кайтуу" (Возвращение домой) аталышындагы видеоролик Европанын каналы аркылуу эки жумадан бери кетип жатат.

Верченконун айтымында, ролик июль айынын башында тартылган. Ал үчүн Кыргызстандын жарымын кыдырууга туура келген.

Аталган ролик Борбор Азиялык Red Jolbors Fest жарнама фестивалында Film Craft (Рекламалык ролик тартуудагы чеберчилик) номинациясында коло байгеге татыган.

Тема боюнча

Көчмөндөрдүн көз талдырган оюну чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен
Белгилер:
көрнөк-жарнак, Еuronews, ЖМК