Ош шаарынын 3016 жылдыгында 500 комузчу "Маш ботойду" аткарат

© Sputnik / Табылды КадырбековII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде "Маш ботойду" аткарып жаткан комузчулар
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Маш ботойду аткарып жаткан комузчулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк борбордун майрамына чет мамлекеттерден коноктор, достук келишимдеги шаарлардын мэрлери жетектеген делегациялардын келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош шаары 5-октябрда 3016 жылдыгын майрамдап, анда 500 комузчу "Маш ботой" күүсүн аткарат. Бул туурасында аталган калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Майрам 5-октябрь күнү саат 9:00дө шаардын борбордук аянтында театрлаштырылган оюн-зоок, концерттик программа менен башталат. 

"Анда "Байыркы Ош шаары — Улуу Жибек Жолунун маданий борбору" аттуу тарыхый көрүнүш уюштурулат. "Бактылуу балалык" хореографиялык музыкалык композициялар, 500 комузчунун аткаруусундагы "Маш ботой" күүсү, "Устат-шакирт" фольклордук ансамблинин композициялары, жаштардын бийи (флеш-моб) болот", — деп билдиришти мэриядан.

Атайын адистердин кеңеши менен шаар күнүн белгилөөнүн сценарийлери иштелип жатат. Салтанатка жергиликтүү жашоочулардан сырткары чет мамлекеттерден коноктор, достук келишимдеги шаарлардын мэрлери жетектеген делегациянын келиши күтүлүүдө.

"Алтын күз" деп аталган жарманкеде өндүрүш ишканалардын азык-түлүктөрү, жер-жемиштер, мөмө-жемиштер, сүт азыктары, дан эгиндери дүң баада сатылат.

Кырчында ырдалган Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
Кырчында ырдалган "Ынтымак"
Борбордук аянтта шаардагы мекеме-ишканалардын, уюмдардын кызматкерлеринин жана шаар тургундарынын катышуусунда массалык чуркоо болот. Ошондой эле, кыргыздын улуттук оюндары — кол күрөш, ордо, аркан тартыш, оордук көтөрүү боюнча мелдештер өтөт.

Ал эми кечки саат жетиден тарта 23:00гө чейин Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо модалуу азем кийимдердин көргөзмөсү жана Кыргызстандагы белгилүү ырчы, бийчилеринин катышуусунда чоң шоу концерт тартууланат. 3016 жылдык майрам иш-чара борбордук стадиондогу фейерверк менен жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0