Мамлекеттин эсебинен тартыла турган тасмалар аныкталды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак аталган мекеменин Кинодолбоорлорду тандоо боюнча эксперттик кеңеши тарабынан өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кинематография департаменти кинодолбоорлор сынагынын жыйынтыгын чыгарып, мамлекеттин эсебинен тартыла турган тасмаларды аныктады. Бул тууралуу аталган департамент билдирди.

Сынак аталган мекеменин Кинодолбоорлорду тандоо боюнча эксперттик кеңеши тарабынан өткөрүлгөн. 

Улуттук тасмаларды колдоо иретинде өткөрүлгөн бул сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү кинодолбоорлор табылган:

 

  1. "Жекшен" ("Тушоо-той") (Эрнест Абдыжапаров жана Мирлан Абдыкалыков)
  2. "Көл" (Эрке Жумакматова жана Эмиль Атагелдиев)
  3. "Жеңе (Асел Жураева жана Токтобек Усенов)
  4. "Бала багуучу" Бусурман Одуракаев жана Токтобек Усенов
  5. "Карга" (Адилет Каржоев)

 

Эми бул тасмалар мамлекет тарабынан толугу менен же жарым-жыртылай каржыланып, тартылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0