Көзү начар көргөн кыргыз кызы Японияда концерт берди

© Фото / пресс-служба МИД КРКөзү начар көргөн кыргызстандык ырчы Гүлүм Касымбаева(ортодо), Япония шаарында
Көзү начар көргөн кыргызстандык ырчы Гүлүм Касымбаева(ортодо), Япония шаарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таланттуу ырчы Гүлүм Касымбаева эми Токио, Осака, Окаяма, Нагоя, Наха шаарларында концерт бергени турат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Япониянын Кавасаки шаарында көзү начар көргөн кыргызстандык Гүлүм Касымбаеванын концерти болуп өттү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Анын концертине Кавасаки шаарынын вице-мэри Атцухи Миура катышып, Касымбаеванын талантына баа берди.

"Вице-мэр шаар тургундары Касымбаеванын чыгармачылыгын колдоп, жакшы кабыл алып жатканын баса белгиледи. Ал мындан ары да эки тараптуу кызматташууларга даяр экенин кошумчалады", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми КРдин Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков таланттуу кыз Кыргызстандын маданиятын таанытып жатканын айтты. 

Международный музыкальный на инструменте кыл кыяк  Тилеп Аспантай уулу в Астане - Sputnik Кыргызстан
Кыл кыякчы кызын эл аралык сынакка жиберген жалгыз бой пенсионердин үмүтү акталды
Мындан сырткары, концерт учурунда Окаяма шаарындагы Азиздер федерациясынын президенти Такеучи Масахико япон элинен каражат чогултулуп, Кыргызстандагы көзү начарларды дарылоо үчүн которгонун билдирди. 

Белгилей кетсек, Гүлүм Касымбекова "Nodojiman the World 2016" сынагын жеңип алгандан кийин Японияда атактуу болуп кеткен. Учурда Токио, Осака, Окаяма, Нагоя, Наха шаарларында концерт берүү алдында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0