Манасчылар тууралуу "Дүбүрт" тасмасы тартылды

Жазылуу
Кыска метраждуу тасма Манас айтуу касиети кантип келерин жана Манас айтып жаткан ар бир манасчынын кѳз карашын, ой-толгоолорун чагылдырат.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондунун жаш манасчылары "Дүбүрт" аттуу кыска метраждуу тасма тартышты. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Түштүк Кореянын Бусан шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз-казак бир тууган" тасмасынын эл аралык премьерасы Бусанда өтөт
Тасмага Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин 4-курсунун студенти Бектурган Кундузбеков режиссерлук кылган.

"Дүбүрт"  кыска метраждуу тасмасы Манас айтуу касиети кантип келерин жана Манас айтып жаткан ар бир манасчынын кѳз карашын, ой-толгоолорун, кѳзүнѳ кѳрүнгѳн, дилине сиңип калган сезимдерин, манасчылардын аянын жана ата-бабабыздын тарыхын Манас аркылуу айтып жатканын чагылдырат.

Тасма жакынкы күндөрү өтө турган фестивалдарга жана конкурстарга катышып, андан соң, кыргыз элине кѳрсѳтүлѳт.

Жаңылыктар түрмөгү
0