"Ата-Бейит" даректүү тасмасы Казандагы сынакта мыкты фильм аталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейитке" арналган брошюра. Архив
Ата-Бейитке арналган брошюра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулман киносунун Эл аралык XII Казань фестивалы кечээ жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Алижан Насировдун "Ата-Бейит" даректүү тасмасы Татарстанда өткөн Мусулман киносунун фестивалында биринчи орунду алганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Эскерте кетсек, аталган сынак Татарстандын борбор калаасы Казанда 5-сентябрда башталып, кечээ, 11-сентбярь күнү жыйынтыкталды.

Түштүк Кореянын Бусан шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз-казак бир тууган" тасмасынын эл аралык премьерасы Бусанда өтөт
Аталган фестивалга Кыргызстандан "Ата-Бейит" менен бирге Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы да барган. 

Насировдун фильми сынакка "Мыкты кыска метраждуу даректүү тасма" номинациясы боюнча катышып, байгелүү болду.

Бишкектен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоң-Таш айылындагы "Ата-Бейит" комплекси 30-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып, 2000-жылы негизделген. Бул жерде кыргыз интеллигенциясынын каймагы — Жусуп Абдрахманов, Баялы Исаккев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов сыяктуу агартуучулардын сөөгү коюлган. 

Мемориалдык комплекс скульптуралык композиция, музей жана эстеликтен турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0