"Жаңы толкун-2016": Нурсултан Азыкбаев 4-орунга ээ болду

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүЖаш аткаруучулардын "Жаңы толкун" аттуу музыкалык сынагына катышкан кыргызстандык ырчы Нурсултан Азыкбаев. Архив
Жаш аткаруучулардын Жаңы толкун аттуу музыкалык сынагына катышкан кыргызстандык ырчы Нурсултан Азыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль Сочиде 3-9-сентябрь күндөрү өттү. Кечээ кечинде сынактын жабылуу аземи өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды.

БИШКЕК,10-сен. —Sputnik. Жаш аткаруучулардын "Жаңы толкун" аттуу музыкалык сынагына катышкан кыргызстандык ырчы Нурсултан Азыкбаев төртүнчү орунга ээ болгону фестивалдын расмий сайтына жарыяланды.

Фестиваль Сочиде 3-9-сентябрь күндөрү өттү. Үч этаптын жыйынтыгы менен кыргызстандык өнөрпоз 414 упай топтой алган. 

Аалам айымы-2016 эл аралык сынагынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
"Аалам айымы-2016": Наргиза Осмонова "Миссис Бизнесвумен" аталды
Сынактын жеңүүчүсү деп хорватиялык Dino жана италиялык Валтер Рикки таанылды. Экинчи орунга украиналык Галина Безрук татыса, ал эми үчүнчү орунду Грузиядан келген Гиорги Надибаидзе алып кетти. 

Аткаруучулуктан тышкары сынактын алкагында көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү наамы үчүн да добуш берүү жүрүп, натыйжада Азыкбаев 1453 добуш менен, "күмүштүн" ээсинен болгону 5 добушка аз алып үчүнчү болду. Ал эми биринчи орунду 2073 добуш менен россиялык ырчы Ясения алды.

Сынактын расмий жабылыш аземи жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты кечээ өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0