Дүйнөлүк рекорд жана каада-салт: "Көчмөндөр ааламы" фестивалы жыйынтыкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган "Көчмөндөр ааламы" фестивалы
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган Көчмөндөр ааламы фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт күнгө созулган фестивалдын жыйынтыгы боюнча тогуз номинация боюнча мыктылар аныкталды.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган "Көчмөндөр ааламы" фестивалы жыйынтыкталды. Аталган фестивал төрт күн бою жүрүп, анда аркыл маданий концерттер жана конкурстар уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүнө кабарчыбыз Исмаил Мамытов жеринен күбө болду.

Фестивалдын жыйынтыкталышы менен жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды. Сыйлоо аземине КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдор катышты.

Эске сала кетсек, фестивалда тогуз номинация катышуучулар күч сынашты.

Эң мыкты боз үй:

  • Баш байге Нарын облусу — 300 миң сом,
  • 1-орун Ысык-Көл облусу — 200 миң сом,
  • 2-орун Бишкек шаары жана Ош облусу — 130 миң сомдон,
  • 3-орун Жалал-Абад, Талас жана Чүй блусу — 80 миң сомдон.

Ылдамдыкка боз үй тигүү:

  • Баш байге Чүйдүн Ысык-Ата району (10 мүнөт 16 секунд) — 75 миң сом,
  • 1-орун Ош шаары (10 мүнөт 43 секунд) — 30 миң сом,
  • 2-орун Жалал-Абаддын Чаткал району (11 мүнөт 14 секунд) — 25 миң сом,
  • 3-орун Ысык-Көлдүн Тоң району (11 мүнөт 30 секунд) — 20 миң сом.

Улуттук кийим:

  • Баш байге Ысык-Көл обулусу — 90 миң сом,
  • 1-орун Ош шаары — 65 миң сом,
  • 2-орун Нарын облусу 35 миң сом,
  • 3-орун Чүй облусу — 25 миң сом 

Улуттук тамак-аш конкурсу:

  • Баш байге Ош шаары– 75 миң сом,
  • 1-орун Ысык-Көл облусу – 55 миң сом,
  • 2-орун Чүй облусу – 30 миң сом,
  • 3-орун Жалал-Абад облусу – 20 миң сом.

Тарыхый экспонаттар конкурсу:

  • Баш байге Бишкек шаары – 75 миң сом,
  • 1-орун Баткен облусу – 55 миң сом,
  • 2-орун Ысык-Көл облусу – 30 миң сом,
  • 3-орун Ош облусу – 20 миң сом.

Каада-салт конкурсу:

  • Баш байге Ош облусу – 130 миң сом,
  • 1-орун Бишкек шаары – 100 миң сом,
  • 2-орун Талас облусу – 70 миң сом,
  • 3-орун Баткен облусу – 60 миң сом.

Тарыхый инсандар сынагы:

  • Баш байге Жалал-Абад облусу – 110 миң сом,
  • 1-орун Чүй облусу – 70 миң сом,
  • 2-орун Ысык-Көл облусу – 50 миң сом,
  • 3-орун Ош шаары – 30 миң сом.

Концерттик программа боюнча:

  • Баш байге Талас облусу – 90 миң сом,
  • 1-орун Нарын облусу – 70 миң сом,
  • 2-орун Ош шаары – 50 миң сом,
  • 3-орун Жалал-Абад облусу – 30 миң сом.

Кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгү:

  • Баш байге Баткен облусу – 90 миң сом,
  • 1-орун Ош шаары – 65 миң сом,
  • 2-орун Чүй облусу – 35 миң сом,
  • 3-орун Нарын облусу – 25 миң сом.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрь күнү соңуна чыгат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Чет элдик басылмалар Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу кандай видеолорду окурмандарына сунуштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0