"Кыргыз-казак бир тууган" тасмасынын эл аралык премьерасы Бусанда өтөт

CC BY-SA 2.0 / kopretinka / Busan cityТүштүк Кореянын Бусан шаары. Архив
Түштүк Кореянын Бусан шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада турмуш курууга баш койгон кыргыз жигит менен казак кыздын мамилеси, алар туш болгон кыйынчылыктар баяндалат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Режиссер Нурлан Абдыкадыровдун "Кыргыз-казак бир тууган" тасмасы Түштүк Кореянын Бусан шаарында өтө турган кинофестивалда көрсөтүлмөй болду. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Мировая премьера художественного фильма Завещание отца режиссеров Бакыта Мукула и Дастана Жапар уулу в Международном кинофестивале в Монреале. - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы Монреалда баш байгеге ээ болду
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 6-15-октябрь күндөрү өтөт. Кыргызстандык тасма фестивалдын "Азия киносуна терезе" секциясында сунушталат. 

Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган тасмада турмуш курууга баш койгон кыргыз жигит менен казак кыздын мамилеси, алар туш болгон кыйынчылыктар баяндалат.

Фильмде ролдорду Мукамбет Токтобаев, Назым Мендебаиров, Болот Тентимышов, Жандат Жаманбаева, Тилек Жумагазиев, Сауле Жороева, Жылдыз Саитова, Алтынай Алсаитова, Каниет Абакир, Данияр Тагаевдер жараткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0