Сыймык Бейшекеев: Айсулууга арналган ыр бир түндө жазылып бүттү

© SputnikКР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев
КР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев менен журналист Гүлдана Талантбековага маектешти.

Биз интервью менен кошо сүрөткө да тартат эмеспизби. Сыймык байкенин убактысы тар экен. Фотографты күтүүнү каалабай "Эски эле сүрөттөрдөн кое бербейсиңби" дегенинен "алар ошон үчүн эски да, бизге жаңысы керек" дедим. Же ошондо эле Сыймык байкенин Айсулуу менен жолугаарын билсемчи. 

— Сыймык байке, акыркы убакта балаңыздын чыгармачылыгына көбүрөөк басым жасап калгандайсыз?

— Уулум Кадырлуу үч жашынан баштап эле чыгармачылыкка болгон каалоосу күч. Анан ырдатып көрсөм, менимче, жаман болгон жок. Акыркы учурларда чыгармачылык ышкы көбүрөөк тарта баштады окшойт. Концерт койсом мени ээрчип, гастролго чыксам чогуу жүрдү. Быйыл сегизге толду деп жыл башынан бери ыр жазып, клип тарттырып, сахнанын сырлары тууралуу үйрөтө баштадым. Буюрса, кабыл алуусу да жакшы. 

© SputnikСыймык Бейшекеев: мактангандык болбосун, азыр "Тасма" студиясы менен биргеликте оюн-зоок борборун ачып жатабыз. Бул кыргыз өнөр дүйнөсүнө салым кошот деп ишенем
Заслуженный артист Кыргызской Республики Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев: мактангандык болбосун, азыр "Тасма" студиясы менен биргеликте оюн-зоок борборун ачып жатабыз. Бул кыргыз өнөр дүйнөсүнө салым кошот деп ишенем

— Азыр сизди бизнес жагын көбүрөөк ыктап калды дешет?

— Эч кандай сыр деле эмес. Ашынган болбосо да үй-бүлөнү аксатпай турган бизнес бар. Буюрса, концертти өткөрүп алсак элге сапаттуу клип, ырларды тартууласам дейм. Мактангандык болбосун, азыр "Тасма" студиясы менен биргеликте оюн-зоок борборун ачып жатабыз. Бул кыргыз өнөр дүйнөсүнө салым кошот деп ишенем. Аз да болсо кече-тойлордун өңүтүн башка жактарга бурууну максат кылып, программанын үстүндө иштеп жатабыз. 

— Концерттерде ар дайым чоң байгелерди ойнотосуз. Бул элди тартуунун амалыбы?

Актер Камчы Сарыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камчы Сарыбаев: кызымдын жентек тоюна Айсулуу Тыныбекова келет деп турам
— Мен популярдуулуктун туу чокусунда турган кезден баштап эле келе жаткан көрүнүштөрдүн бири. Жалпысынан алтымыштай машина ойноттум. Адам сөзсүз элден алганды эмес, бергенди да билиши керек деп ойлойм. Бул кийинки муунга үлгү деп түшүндүрөт элем. Адам алгандан эч качан байып кетпейт. Эми айрым учурда байгенин максаты болот, аны моюнга алыш керек. Бирок менин жасап жаткандарым көпчүлүккө жагат.
(Сыймык байкенин телефону шыңгырап калды)

— Кечиресиз, мага чалып жатышат, жооп берип койсом болобу, ээ?

"Алло, Айсулуу сени биздин режиссер издеп жаткан экен, чалсам телефонун албай жатат дейт. Айтбек деген жигит болчу. Макул, анда" — деп телефонун койду.

— Ии, баса, Айсулуу тууралуу ыр жазып, клип тарттырам деп жаттыңыз эле?

— Жаңы эле чалган ошол алтын кыз да. Мен балбан кызыбыз алтын медаль утса ыр жаздырып, клип тарттырам деп айткам. Анын эрдиги жана намысы алтынга тете болду. Буюрса чыгарма бардык кыргыз айымдарга болгон таазим, сый-урматым. Ар бир айым биздин жакшы сөз, мыкты чыгармаларга татыктуу. Айсулууга арналган ырдын маңызы жалпы аялзатына кылган ызаатым. Ырдын сөзүн, обонун өзүм жаздым. Башында ырды күчтүү темптеги, патриоттук сезимди алоолонткон форматта кылайын деп ойлогом. Бирок Айсулууну болочокогу эне, жар экендигин ойлоп "Таазим сага, Айсулуу" деп атап, темасына ылайык кылып иштеп чыктым.

— Ыр жаратуу үчүн да көп ойлонуп, аракет кылсаңыз керек?

— Айсулуу беттешке чыккан түнү баштап, таңкы саат беште бүтүргөм. Буюрса, бет ачары 9-сентябрда болот. Ардактуу конок катары Айсулуу апасы менен келет. 

© SputnikСыймык Бейшекеев: тойлордо ырдагандан тартынуунун кереги жок. Ал жактагы угармандын концерттегиден айырмасы болбойт. Мен талант эч качан сатылбайт, ал бааланат деп айтаар элем
Заслуженный артист Кыргызской Республики Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев: тойлордо ырдагандан тартынуунун кереги жок. Ал жактагы угармандын концерттегиден айырмасы болбойт. Мен талант эч качан сатылбайт, ал бааланат деп айтаар элем

— Башка кесиптештериңизге салыштармалуу тойлордо азыраак кызмат кыласыз. "Ставкаңыз" бир топ эле жогору болсо керек?

— Тойлордо ырдагандан тартынуунун кереги жок. Ал жактагы угармандын концерттегиден айырмасы болбойт. Мен талант эч качан сатылбайт, ал бааланат деп айтаар элем. Жакшылыгында ырларымды уккусу келсе убактыма карап барып берем. Бул да болсо чакан театр. Себеп дегенде анын аурасына жараша даярданып, сөз байлыгыңды топтойсуң. Бирок тойду бизнес катары көрүп албай, концерттегидей үндү таптап, мыкты формада болушубуз керек. 

Курманжан Датка тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадиллаев: кастингге эң акыркы барсам да, Алымбек датканын ролу мага буйруптур
Менин ставкам ар кандай. Көпчүлүк өздөрүнүн шарттарын айтып "байке, жаңы эле буттан туруп келетабыз, элдей болуп миң доллардан төлөй албайбыз" деп шартын түшүндүрүп, ынандыра алгандардын шагын сындырбай арзан же бекер эле ырдап берген учурларым болот. Бизде жылуу сөз жыланды ийининен чыгарат деп коет эмеспи. Ал эми кээ бирөө сынап, көпкөлөңгө тартып "канчага келесиң" дегендерге өздөрүнө жараша ставкаларды айтып коем (күлүп). 

— Эсиңизде болсо керек, өткөндө кыргыз эстрадасындагы жаш ырчылар билими жоктор жана таланттуулар деп экиге бөлүнгөндөй туюлду. Ал эки ырчы жигиттин кайым айтышуусунан башталып, кесиптештеринин түрдүү комментарийлери менен аяктаган. Жаш ырчыларга болгон сиздин бааңыз?

— Менимче азырынча баа жок. Өзүм толук кандуу эстрада ырчысы эмесмин. Мен комуз менен элдик ырларды аткаруу бөлүмүн аяктагам. Эстрадага кокусунан келип калгам десем жаңылышпайм. Анткени концерт койгон учурларда элдик ырларга караганда эстраданын талабы көбүрөөк экенин байкадым. 

Ал эми ырчы жигиттердин чокулашканы туура эмес. Азыр элден өткөн калыс жок. Мен канчалык мыктымын деп төш кагып, катары менен эмгегиң сиңген артист наамың болсо да, эл кабыл албаса мындан өткөн трагедия жок. Азыркы заманда ырчы болуш ушундай оңой сезилип калды деп ойлойм. Азыр техниканын өнүккөн учурунда жеке менчик радиолор, гезиттер көп. Анан эл "аа ушул ыр жакшы турбайбы" деп уга берет. Илгери жүрөктүн жана кулактын ырчысы болот деп айтып калышчу. Биздики мурун айлап, жылдап жүрүп ырларыбыз чыкса чыгып, болбосо жүрө берет элек. Ал кезде концерттин да кадыр-баркы жогору эле. Мен ырчы инилериме айтаар элем, бири-бириңе этият болгула, өнөрпоздор өздөрүн сыйлабаса, анда угармандардын деле силерге болгон сый-урматы кетет. Өзүнүн кыйындыгын далилдеш үчүн бирөөнү жаманатты кылып, басынтуунун кереги жок. Инилериме ар бир нерсеге олуттуу карап, жигит болгула демекчимин. Бири-бириңерден кечирим сурашып койсоңор ашыкча болбойт. 

© SputnikСыймык Бейшекеев: мен өзүмөн кийинки ырчыларды деле көрүп таасирленип, таланттарына баа берем. Атаандашат деген бири-бириңди жек көрүү эмес. Тескерисинче ал адамдын жакшы жактарын өзүңө сиңирип алуу деп эсептейм
Заслуженный артист Кыргызской Республики Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев: мен өзүмөн кийинки ырчыларды деле көрүп таасирленип, таланттарына баа берем. Атаандашат деген бири-бириңди жек көрүү эмес. Тескерисинче ал адамдын жакшы жактарын өзүңө сиңирип алуу деп эсептейм

— Балдарыңыз бойго жетип калса керек. Алар тууралуу азын-оолак кеп сала кетсеңиз?

— Өмүрлүк жубайым Нурзада экөөбүздүн эки уул, эки кызыбыз бар. Уулум Азамат Америкада билим алат. Мени тартса эрте эле үйлөнөт. Мен жыйырма жашымда эле үйлөнгөм. Балама айтып жатабыз, эки үч жылда өзүң үйлөн, болбосо апаң экөөбүз үйлөнтүп коебуз деп. Негизи турмушту эрте баштаган жакшы болот. Кызым Каныкей 8-класста окуса, экинчи уулум Кадырлуу сегиз жашта. Анан көкүрөк күчүк кызым Назеркем төрткө чыкты.

— Азыр сизде чыгармачылык жаатта атаандаштар барбы?

— Мен өзүмөн кийинки ырчыларды деле көрүп таасирленип, таланттарына баа берем. Атаандашат деген бири-бириңди жек көрүү эмес. Тескерисинче ал адамдын жакшы жактарын өзүңө сиңирип алуу деп эсептейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0