Саламат Садыкованын айылга каты. Килем токугандагы кыялдар жана ырчылык

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова. Архив
Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Айылга катты сөз багып, кептин кадырына жете билген, ырчылык өнөрдүн ээси, казак менен кыргыздын өнөр адамдарынын алдыңкы сабында жүргөн Саламат Садыкова жазды. Кат ээсинин сыйлыктары менен сыймыктарын санабасак деле калкы билет. Бир жагдай — жакында Саламат эже III даражадагы "Манас" орденине ээ болду.

Төмөндө сыясы кургай элек катты окурмандарга сунуштамакчыбыз.

Айылга кат жазып жатып, мени жашоодогу кыйынчылыктарга карабай, алдыга жетелеген Айтматовдун, Баялиновдун каармандарын, аялзаттарын, анан эрте айрылган апамды эстедим эмнегедир. 

Мени алдыга жетелеген Толгонай апалар менен Алтынайлар. Киндик кан тамган айылым Кызыл-Жолдо күркүрөгөн күздө, жылдын тогузунчу айында, 28-деген маанилүү сандарга дал келип жарык дүйнөгө келиптирмин. Бала кезимден ар кимдин көзүн карап, далай кыйынчылыктарды көрдүм. Буга карабастан, китеп менен өскөн жаным, Ажардын, Алтынайдын, Толгонай эненин образдары жүрөгүмө уялап, алардан кайрат алып, алдыга карай жол издегенимди эстедим.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Эл артисти Саламат Садыкова
Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова

Өрүктөр өзүнчө кеп. Өрүктөр арасында гүлүн ачкан чарбакта, кыздар менен куурчак ойногонумду эстедим. Балалыктын көсөмдүгүн айтсаңыз, "Чоңойгондо ырчы болом, сага капрон жоолук алып келип берем ээ" дечүмүн бирге ойногон кыздарым менен ынтымактуу болуп калсам. Таарыныша кеткен экинчисине эч нерсе белек кылбастыгымды айтып коркутчумун.

Дүйнөлүк деңгээлдеги кыргыз ортопеди, медицина илимдеринин доктору, акедемик, профессор Сабырбек Жумбаков - Sputnik Кыргызстан
Профессор Сабыр Жумабековдун айылга каты. Элитага алмашкыс классташтар…
Кийинки жолума шам болгон умтулуу. Кыялымда, ошол кезде эле атагы таш жарган, таланттуу азыркы Саламат болуп алыптырмын да. Азыр эстесем, өзүмчө жылмаям. Кийинчерээк эс тартканда деле ырчылыкка умтулуу сезими коштогон тейде жүрдү. Бир тамчы да түшүрбөй дарыядан баканга суу көтөрүп келе жатканда, Баткендин атактуу килемдерин айылдагы келиндерге, апаларга кол кабыш кылып токуп отурганда да келечегимди ырдан табаарыма ой салып кыялданган күндөрүмдү эстеймин…

Энем Мария ыраматылык чачы узун, сулуу, колунан баары келген уз чебер аял эле. Мектеп босогосун жаңы аттап, биринчи класска киргенимде өз колу менен аппак штапель кездемен көйнөк, күрөң чийбаркыттан чыптама тигип берип, колумдан жетелеп алып барган. Ошол ирмем эне, ал тургай чоң эне болуп турган чагымда да күнү бүгүнкүдөй жаңы, күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. 

Толгоо тарткан энем, тооруган ажал. Тогуз жашта болчумун. Кош бойлуу энем төрөй албай, үйдүн ортосундагы устунду бекем кучактап, кудайга жалынып, жан айласын таппай кыйналганы жадымдан эч кетпейт. Жанында жардам кылалбай, чыркырай, чимирилип ыйлаганымды эстейм…

Ыр — өмүр, ыр — чырак. Бирок томолой жетим калган мени ЫР канаттуу куштай жандай учуп, дайыма үмүт отун жандырган чырак болду! Ошол кыялга толгон жаштык учурумда, дирилдеп турган сезимтал кезимде ыр азаптуу да, ажайып да өз дүйнөсү тартып кетти. 

Киндик кан тамган жерим – тирегим. Ал өнөргө зирек кызын алгачкы күндөн ушул кезге чейин атам менен энемдин ордун жоктотпой, бардык ийгиликтеримди колдоп, кубаттап турат. Муну эстегенде туулган жердин топурагына, боз шыбактарына, жибек чачтарымды сылаган шамалына да ичимден жалынам, сыйынам.

КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Динара Акулованын айылга каты. Сагыныч, ээн там жана Аң-Өстөнгө жетелеген сезим
Баткен деген кичи мекенимден канат кагып алда качан эле чоң турмуша чоң адам болуп учуп кеттим. Анткен менен анын деми жүрөгүмдүн толтосунда, мен ырдаган ар бир ырдын ыргагында күч-кубат болуп, кайраты кабагымды от сымал жылытып турарын билем.

Ийменчээк, ыйбаалуу, сыпайы, даанышман, кыраакы, эң башкысы топуктуу, назары артыкча ток элим бар. Кызырлуу элден таалим тарбия алган урпак гана  өздүгүн, мендигин тапса керек деп ойлойм. Алардын касиеттерин тулку боюмда, бир өмүргө жетээрликтей зээнимде сиңирип калганыма шүгүр деймин.

Мен сен бар үчүн ийгиликке жетип келем, сен бар үчүн чарчабайм, сен бар үчүн таянычым тоодой, ардактуу айылым!

Силерди урматтап, кат жолдогон Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кызыңар Саламат Садыкова.

Жаңылыктар түрмөгү
0