Ысык-Көлдөгү кум эстеликтерин 3 миңден ашуун киши көрдү

© Фото / Кубанычбек Аманбеков"Ысык-Көлдү алтын куму-2016" деп аталган кум эстеликтеринин фестивалы. Архив
Ысык-Көлдү алтын куму-2016 деп аталган кум эстеликтеринин фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумдан скульптура жасоого 21 чебер катышкан.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Ысык-Көлдү алтын куму-2016" деп аталган кум эстеликтеринин фестивалы ачылгандан бери ага үч миңден ашуун киши келип көрүп кеткенин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Международный фестиваль песчаных скульптур в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Кум эстеликтер: атын аярлап көтөргөн Кожомкул, кумдагы балбал таш жана ак бата
Көчмөндөр оюндарына, Тарых жана маданият жылына, ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган фестивалга Кыргызстандан 14, Казакстандан 6 жана Өзбекстандан бир скульптор менен бардык каалоочулар катышууда.

Фестиваль этно-концерт менен коштолуп, сентябрдын аягына чейин созулат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган фестивалдын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0