"Топурак" жана "Ата керээзи" Душанбедеги эл аралык кинофестивалга катышат

© flickr.com / Chris PriceДушанбе шаары. Архив
Душанбе шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Ата керээзи" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы 30-август күнү Монреаль шаарында болгон.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Топурак" жана "Ата керээзи" тасмалары Душанбедеги "Дидор" эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди. 

VII эл аралык "Дидор" кинофестивалы 16-20-октябрь күндөрү Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өтөт. 

"Топурак" тасмасына Чолпонай Борубаева режиссерлук кылса, Жолдош Акматалиев операторлукту аркалаган.

Ал эми Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Ата керээзи" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы 30-август күнү Монреаль шаарында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0