Ат-Башынын тургуну үйүн Кыргызстандын туусу менен жасалгалады

© Фото / Нурзада МукашоваЖаңы салып жаткан үйүн улуттук колоритте жасалгалаган
Жаңы салып жаткан үйүн улуттук колоритте жасалгалаган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл жашоочусу үйүн заманбап стилде жасалгалап, кыргыздын оюу-чиймелери менен желекти түшүрдү.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Аваз Турдумамбетов жаңы салып жаткан үйүн улуттук колоритте жасалгалаган.

Ал жаңы үйүнүн бир бөлмөсүнүн шыбына Кыргызстандын туусун түшүрсө, калган бөлмөлөрүнө оюу түшүрүүдө.

"Эмгекти жаратууда кадимки эле гипсокартон колдонуп, оюу-чиймелерин өзүм тарттым. Үйдү мындай жасалгалоо идеясы көп жыл мурун жаралган. Жаңы үй салсам оюмду ишке ашырам деп ойлонуп жүргөм", — дейт ал.

Турдумамбетов бул эмгеги балдарын мекенчил болууга тарбиялап, катылып жаткан сезимдерин ойготот деп ишенет.

Ал сүрөттү мыкты тарткандыктан жасалгалоону эч убарасыз эле жасаган.

Турдумамбетов ошондой эле бул эмгеги Эгемендүүлүк майрамына туш келип калганы үчүн да сүйүнүп жатканын жашырган жок.

Борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган иш-чараны Sputnik Кыргызстандын тексттик транслациясынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0