"Лампа" тасмасы даректүү фильмдердин сынагында ат салышмай болду

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жер тузу" деп аталган кинофестиваль быйыл тогузунчу жолу өтөт.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Асел Жураеванын "Лампа" аттуу тасмасы Самарада өтө турган Бүткүл россиялык даректүү тасмалардын сынагына чакырылды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 19-23-сентябрь күндөрүнө белгиленген. 11 мүнөттүк тасмада Бишкектен 15 чакырым алыстыкта жашаган Залкарбек менен энеси Калбүнүн электр энергиясыз жашаган күнүмдүк тиричилиги чагылдырылат.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль быйыл 9-ирет өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0