"Ала-Тоодо" өтө турган улуттук кийимдер майрамына эки миңдей адам катышат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата уюштурулуп, улуттук кийимдерди жайылтууга багытталат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. "Улуттук кийимдер" акциясына эки миңден ашуун адам катышат. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 31-август күнү саат 17:00дө "Ала-Тоо" аянтында башталып, ага коомдук ишмерлер, жазуучулар жана активист жаштар катышат.

"Эки миңден ашуун адам катыша турган иш-чара улуттук кийимдерди жайылтууга багытталат. Мындан сырткары улуттук кийимдерге жаштарды кызыктыруу болуп саналат",— деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик дирекция бардык каалоочуларды аталган иш-чарага чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0