Сынак: Германияда жети сулуунун бири болгон Бегимайдын тагдыры бүгүн чечилет

© Фото / Рахат КеримбаевКыргызстандын атынан күч сынашып жаткан Бегимай Карыбекова. Архив
Кыргызстандын атынан күч сынашып жаткан Бегимай Карыбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан барган 18 жаштагы Бегимай Карыбекова Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунун биринчи этабында алдыңкы жети сулуунун катарына кирген. Сынактын жыйынтыктоочу бөлүгү бүгүн, 26-август күнү өтөт.

— Сынактын финалы жакындап баратат, толкунданып жатсаңар керек?

Аалам айымы-2016 сынагына Кыргызстандын атынан катышкан 41 жаштагы Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
"Аалам айымы-2016". Өлкө намысын 41 жаштагы таене Наргиза Осмонова коргойт
— Ооба, баарыбыз тынчсызданып жатабыз, жеңишке жетсек деген тилек бир да. Ошентсе да кыздар "башкысы — жеңиш эмес, катышуу" деген ой менен жүрүшөт. Балким, бул сырткы гана көрүнүш болсо керек. Бардыгы болуп 41 селки ат салышып жатат. Кыздардын баары өзүнчө сулуу, жеңишке татыктуулар көп.

Азырынча даярдык көрүп, фотосессия, маалымат жыйындарды өткөрүп жатабыз. Эки шаарга барып журналисттер менен жолуктук. Бүгүн жергиликтүү немис каналдар тартып кетти, кечинде теледен көрсөтүшөт.

— Тамак-аш жагы кандай болуп жатат?
— Ашкере тамак жок, бирок тойгузуп жатышат. Көйнөккө баткыдай болуш керек да… 

© Фото / Mariam DavtyanГерманиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова башка катышуучулар менен
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова башка катышуучулар менен - Sputnik Кыргызстан
1/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова башка катышуучулар менен
© Фото / Mariam DavtyanГерманиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова италиялык бийкеч менен
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова италиялык бийкеч менен - Sputnik Кыргызстан
2/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова италиялык бийкеч менен
© Фото / предоставлено Бегимай КарыбековойГерманиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова ямайкалык жана мальталык бийкечтер менен
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова ямайкалык жана мальталык бийкечтер менен - Sputnik Кыргызстан
3/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова ямайкалык жана мальталык бийкечтер менен
© Фото / предоставлено Бегимай КарыбековойГерманиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова таиланддык бийкеч менен
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова таиланддык бийкеч менен - Sputnik Кыргызстан
4/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова таиланддык бийкеч менен
1/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова башка катышуучулар менен
2/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова италиялык бийкеч менен
3/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова ямайкалык жана мальталык бийкечтер менен
4/4
Германиянын Бремен шаарында өтүп жаткан Top model of the world конкурсунда катышкан кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова таиланддык бийкеч менен

— Сынактын катышуучусу болуу үчүн эмне кылыш керек?
— Эл аралык сулуулар конкурсуна катышуу үчүн тажрыйба, англис тилин билүү, анан албетте жарашыктуу келбетиң болуш керек. Бирок кээде белгиленген талаптан катышуучунун дарамети жогору же тескерисинче төмөн болушу мүмкүн. Баары конкурсанттардын каалоосуна жараша болот.

— Оорчулугу эмнеде?
— Керели кечке бийик такалуу туфличен басып жүрүү, терс маанай менен көралбастык. Кийген кийимиң кээде тынчыңды алат. Кимдир бирөөлөр бут кийимиңди же көйнөгүңдү катып коет, издеп жүрө бересиң… 

© Фото / Рахат КеримбаевБегимай Карыбекова: эл аралык сулуулар конкурсуна катышуу үчүн тажрыйба, англис тилин билүү, анан албетте жарашыктуу келбетиң болуш керек
Участница конкурса красоты Top Model Of The World – 2016 модель из Кыргызстана Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: эл аралык сулуулар конкурсуна катышуу үчүн тажрыйба, англис тилин билүү, анан албетте жарашыктуу келбетиң болуш керек

— Көралбагандар көппү?
— Билбейм. Каратып туруп айтылган мазактаган сөздөрдү кабыл алуу өтө кыйын.

— Башкы байгеге эмне коюлган?
— 10 миң доллар жана бир жылга түзүлгөн келишим. Анан, албетте, демөөрчүлөрдөн белектер болот. Көп күч-аракет керек.

— Сулуулар сынагы тууралуу көп сөз айтылып келет: кээде кыздарды сатып алууга аракет кылышат имиш?
— Билбейм, балким айрымдар мындай кырдаалга туш болгондур, мен күбө болгон эмесмин. 

© Фото / Наиль НасретдиновБегимай Карыбекова: мен пластикадан алысмын. Ооба, сулуу болуш үчүн бычак алдына жаткан кыздар көп кездешет. Бирок мага табият өзү ыроологон сулуулугум жетиштүү
Участница конкурса красоты Top Model Of The World – 2016 модель из Кыргызстана Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: мен пластикадан алысмын. Ооба, сулуу болуш үчүн бычак алдына жаткан кыздар көп кездешет. Бирок мага табият өзү ыроологон сулуулугум жетиштүү

— Сынакка катышып жаткан кыздардын дене-мүчөсү табигыйбы? Дегеним, азыр көз, сурма, бут-кол — баарын жасап алууга болот да…
— Мен пластикадан алысмын. Ооба, сулуу болуш үчүн бычак алдына жаткан кыздар көп кездешет. Бирок мага табият өзү ыроологон сулуулугум жетиштүү.

— Калыстар катышуучуларга катаалбы?
— Жок, калыстардын баары жардамга даяр, кеп-кеңешин берип турушат. Мындай сынактарда башкысы — мекендештерди жана жакындарды колдоо. Мисалы, мага Германияда жашаган эжем аябай жардам берип жатат. Конкурстан кийин бир жумадай мейманчылап кетем го. 

© Фото / Рахат КеримбаевБегимай Карыбекова: мен болгону 18 жаштамын. Экинчи курста окуйм. Бош учурларда үйдө болуп, тоого барып эс алууга аракет кылам
Модель Бегимай Карыбекова которая представит Кыргызстан на конкурсе красоты Top Model Of The World – 2016 - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: мен болгону 18 жаштамын. Экинчи курста окуйм. Бош учурларда үйдө болуп, тоого барып эс алууга аракет кылам

— Кыргызстанга келгенден кийин эмне кыласыз?
— Туулган күнүмдү өткөрөм, таттуу-тарападан мол сатып алып, туугандарымдын баарын чакырам. 

Бикини сулуусу-2016 сынагынын жеңүүчүсү Саадат Асылбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бикини сулуусу" Саадат: мектепке даярданып жатам
— Сынактан кийинки жашооңузду кандай элестетип жатасыз?
— Мен болгону 18 жаштамын. Экинчи курста окуйм. Бош учурларда үйдө болуп, тоого барып эс алууга аракет кылам. Азыр окуум менен жумушума көп убактым короп жатат. Андыктан кээде эч нерсе кылбай эс алам. Ар кандай курстарга барып, спорт менен машыгам, психология боюнча китеп окуганды жакшы көрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0