Камчы Сарыбаев: кызымдын жентек тоюна Айсулуу Тыныбекова келет деп турам

Жазылуу
Мүнөзү чарт-чурт этип заматта бороон-чапкын болуп, кайра бат эле жазыла түшкөн, кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланып киного көрк кошкон актер Камчы Сарыбаев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

Камчы мырза менен филармония жакта сейилдеп маектештик. Көргөн-билген кишинин баары эле жанына тура калып селфи кылып жатышты. 

— Камчы байке жакында эле кырк жылкылуу болдуңуз, бешик боо бек болсун! Үйдөн киши үзүлбөй жатса керек?

Курманжан Датка тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадиллаев: кастингге эң акыркы барсам да, Алымбек датканын ролу мага буйруптур
— Ырахмат. Мен азыр чалгандын баарына эле "жентек той берип кафеге чакырам, ошондо келгиле, ага чейин келбей тургула" деп жатам. Кыргыз өзү үч миллион болсо анын эки миллиону эле менин урук-тууган, дос-теңтушум экен. Анын ичинде менин сүйгөн спортчум Айсулуу Тыныбекова бар. Утулганда ыйлап жибербедимби… Эгер мамлекет болбосо деле спорт комитети зал куруп берүү максатында концерт уюштурса, биз, чыгармачыл чөйрө жапа тырмак киришип бекер ырдап, өнөр тартуулап бермекпиз. 

— Анан Айсулууну тойго чакырам деп камынып жатасыз…

— Мен ал кагылайын менен азыр байланыша элекмин. Бирок тааныштыгыбыз бар. Жанагы индус кыз менен күрөшкөндө "алтыным ай, алтыным" деп кагылып-согулуп ийдим. Эми эч нерсе эмес. Биз кыргыздар ушинтип отуруп такшалабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКамчы Сарыбаев: жанагы индус кыз менен Айсулуу Тыныбекова күрөшкөндө "алтыным ай, алтыным" деп кагылып-согулуп ийдим
Интервью с актером Камчы Сарыбаевым - Sputnik Кыргызстан
Камчы Сарыбаев: жанагы индус кыз менен Айсулуу Тыныбекова күрөшкөндө "алтыным ай, алтыным" деп кагылып-согулуп ийдим

— Өткөндө социалдык тармактардан кызыма ат коюшуп койгула деп жардам сурап жүрдүңүз эле. Кайсыл ысым буюрду?

— Буга чейин Барсбек жана Жанболот деген уулдарыбыз бар эле. Кызымдын атын көп жерден издештирдим. Акыры жубайым, апам үчөөбүз кеңешип туруп Асылзат деген ысымды ыйгардык.

— Биз азыр филармонияны бойлой сейилдеп жүрөбүз. Айлананын көбү студенттер да. Сиз дагы шаарга жаңы келип, окууга тапшырган учурларыңызды эстей кетсеңиз?

Актер Уларбек Батыркулов - Sputnik Кыргызстан
Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам
— Борборго жаңы келгенде адашканым эсимде. Анан дем алыш күндөрү атайын кооз жерлерди көрөйүн деп троллейбустарга түшчүмүн. "Ала-Тоо" аянтында басып жүрүш мен үчүн чоң сыймык эле. Ал жакты Кыргызстандагы маданий борбордун туу чокусу катары көрчүмүн. Азыр бул жакта ар ким каалаганын кылып, жерди сыйлоо деген жок. Кээде түкүрүнгөндөрдү көрүп калсам "алтыным, бул кылганың туура эмес" деп күлүп айтсам кээ бирөө туура кабыл алат, айрымдары "ээ байке, өзүңдү билип алчы" деп жаман көрөт. Мен 8-класс кезимде ата-энем Суворов атындагы аскердик окуу жайга тапшыртып коюшту. Ага чейин үчүнчү классымда биринчи жолу борборго келип Шубин атындагы хореографиялык училищеге балет жагына өтпөй калгам. 

— Балетке дейсизби?!

— Мен окуу жайга үй-бүлөм, чоң байкелерим менен баргам. Алардын баары сөөк-саактуу, толмочунан келген немелер да. Бий жетекчисинин жүрөгү түшүп калса керек, "балаңар кийин толуп кетет" деп албай коюшкан. Ошентип Суворовду да толук бүткөн жокмун. Мүшөккө шибеге катсаң кайра эле чыгып калат экен. Өзүм каалаган Искусство институтунун актерлук бөлүмүн тандап кеттим. Ал жакты бүтүп Чүй театрында үч жыл иштегенден соң кыргыз драма театрына которулдум.

— Башка актерлордон жеке артыкчылыгым, өзгөчөлүгүм бар деп деп ойлойсузбу?

— Ар бир адам өзүнчө индивид сыяктуу эле ар бир актер кайталангыс. Мен мисалы Мукамбет Токтобаев, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиевдер менен иштешип калдым. Карап отурсаң ошо залкарлардын баары өзүнчө бир кулк-мүнөзгө, көз карашка ээ. Жадагалса бир үй-бүлөдө төрөлгөн үч баланын үч башка кыялы болот экен. Менин өзгөчүгүмдү айта албайм. Мага билинбейт, бирок бар болсо керек.

— Кино жана театр жаатында актер турган турпаты түзүлгөн кырдаалга жараша күлкү же кайгы жаратат деп айтышат? Сизде бул жагы кандай?

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Актер кырдаалды өзү түзөт. Кагазда жазылып турган сөзгө образ берүү сенин колуңда. Ошол турган турпатың менен ички дүйнөңдү айкалыштырганда элге жеткиликтүү ойду бере аласың. Азыр кээ бир ырчылардын клиптерин карасаң ыйлап жаткан жерине глицеринден агызып коюшат. Болбосо көзүнүн ичинде эч кандай образ жок. Ошондо аттиң, ырчыларда бир аз актерлук жөндөм болгондо дейсиң. Үч мүнөттүк ырдын тарыхын бериш үчүн актерлук боюнча сабак алуу керек деп ойлойм. Адамдагы жест-мимиканын баары сүйлөйт. Аны иштетип туруш керек. 

— Бир ролго сиңип калуудан коркпойсузбу? Сизди көбүнчө боорукер, тамашакөй каармандын образынан көрөбүз дегеним да…

— Театрда менин трагедия ойногон спектаклдерим бар. Кинодо болсо режиссерлорго барып бир трагедия бергилечи, мен керек болсо зөөкүрмүн десем "жок сенин көздөрүң боорукер" деп коюшат. Мен трагедияны ойногонго дараметим жетет. Болгону бул эл менен режиссерлордун каалоосу жана тандоосу болушу мүмкүн. Милиция же жеңил ойлуу мырзалар болсо Аскат Сулаймановду, зөөкүр десе эле Назым Меңдибаировду, боорукер, тамашөкөй мырза болсо эле мени чакырышат. Ошол эле учурда Аскат менен Назым комедияны, мен трагедияны ойной алам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКамчы Сарыбаев: театрда менин трагедия ойногон спектаклдерим бар. Кинодо болсо режиссерлорго барып бир трагедия бергилечи, мен керек болсо зөөкүрмүн десем "жок сенин көздөрүң боорукер" деп коюшат
Интервью с актером Камчы Сарыбаевым - Sputnik Кыргызстан
Камчы Сарыбаев: театрда менин трагедия ойногон спектаклдерим бар. Кинодо болсо режиссерлорго барып бир трагедия бергилечи, мен керек болсо зөөкүрмүн десем "жок сенин көздөрүң боорукер" деп коюшат

— Театрда улуу муун менен кийинкилердин ортосунда пикир келишпестик болот деп угуп калабыз…
— Биринчи, экинчи состав менен иштейбиз. Бизде андай жок.

— Атаандашуу болбосо өсүш болбойт дешет го?
— Спектакль менен спектакль, театр аралык атаандашуу болуп турат. Кино жаатында деле ошондой, ким эмнеге, кайсы рольго татыктуу экенин эл өзү эле тандап коет. 

— Азыр эмне менен алексиз?
— Аталык милдетимди аткарып жатам. Бирок сасык тумоо болуп ооруп жанына жолой албай айланчыктап жүрөм. Театрда иштеп, кинолорго тартылмай. Тойлордо тамадалык кызмат кылам. Тапканымдын көбүн салыным жаткан үйгө жумшап жатам. Жер там дагы оңой менен бүтпөйт экен. 

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

Актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган Адилет Акматов. - Sputnik Кыргызстан
Каскадер Адилет Акматов: 50дөн ашык жаракат алып, өрттөнүп да кеткем
— Айткан пландарым аткарылбай калат экен, ошон үчүн айтпай калгам. Бир жолу чоң планымды элге жар сала коюп үч күндөн кийин демөөрчүм Түркияга кетип калган. Бакиевдин заманы болчу. Анан дагы бирөө ошентип аткарылбай калган. Азыр буюрса продюсер Назгүл Насиева менен "Нукура кыргыз" долбоору боюнча теле алып баруучулукка сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0