Кыргызстандык Азыкбаев "Жаңы толкунда" Лепс менен ырдайт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүү"Жаңы толкун" музыкалык фестивалы. Архив
Жаңы толкун музыкалык фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак 3-9-сентябрь аралыгында Сочиде өтөт. Кыргызстандык Азыкбаев үч ырынын бирин Лепс менен дуэт кылып аткарат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" музыкалык фестивалында Григорий Лепс менен дуэт ырдайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине катышуучу өзү билдирди.

Сынак 3-9-сентябрь аралыганда Сочиде өтөт. Анда 16 ырчы катышат. Алардын арасында кыргызстандык Нурсултан Азыкбаев дагы бар. Ал Сочиге 24-августта учканы жатат.

"Үч ыр аткаруу керек. Мен дүйнөлүк хитке айланган Стинг аттуу ырчынын Shape Of My Heart деген ырын сахнага алып чыгам. Андан кийин композитор Виктор Дробыштын ырлары россиялык жылдыздар менен кошо аткарылат. Мен Лепс менен "Девочка на шаре" деген ырды ырдайм. Үчүнчүсүндө өзүм чыгарган "Аттиң, ай!" аттуу ырды аткарам", — деп билдирди Азыкбаев. 

Аткаруучу сынакка 100 пайыз даяр экенин билдирип, башкы милдети өлкөнү татыктуу көрсөтүү экенин баса белгиледи.

21 жаштагы Нурсултан Азыкбаев Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде үчүнчү курста окуйт. Буга чейин башка бир дагы сынакка катышып көргөн эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0