Араздаштырган айтыш: казак акындар менен 12 төкмө айтышары айкын болду

Жазылуу
Буга чейин тандоо туруна 8 акын өткөн болсо, министрликтин чечими менен дагы төрт акын кошулду.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун алкагында өтүүчү эл аралык айтышка катыша турган акындардын саны сегизден 12ге өзгөртүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган Х эл аралык төкмө акындар айтышы Кырчын жайлоосунда өтөт. 

"Вице-премьер Гулмира Кудайбердиеванын "Айтыш-2016" сынагын көзөмөлдөө боюнча тапшырмасына ылайык маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков "Айтыш" коомдук фонду менен биргеликте Х эл аралык төкмө акындар айтышынын тандоо туру өзгөрүлгөнүн билдирет. Элдин пикирин эске алуу менен жогорку упайлардын негизинде тандоо турунан 8 акын эмес, 12 акын тандалып алынды", — деп айтылат маалыматта. 

Ошентип 2016-жылдын 4-5-сентябрында өтө турган айтышка сегиз казак акыны, 12 кыргыз акыны катышмай болду. 

Тандоо турунан өткөн 12 кыргыз акыны:

  1. Болот Назаров
  2. Кадырбек Бейшенов 
  3. Асылбек Маратов 
  4. Чыңгыз Кожошев 
  5. Изат Айдаркулова 
  6. Аалы Туткучев 
  7. Азамат Болгонбаев 
  8. Амантай Кутманалиев 
  9. Жеңишбек Жумакадыр
  10. Максат Кулуев 
  11. Шекербек Адылов 
  12. Идирис Айтбаев

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0