Актан Арым Кубат "Киношок" фестивалынын калыстар тобуна мүчө болду

© Фото / Эркин БолжуровБелгилүү кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат. Архив
Белгилүү кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыстар тобуна Россия, Белоруссия жана Кыргызстандын киноишмерлери калыстык кылат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Белгилүү кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат Россиянын Анапа шаарында өтө турган "Киношок" кинофестивалынын калыстар тобунун курамына кирди. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык фестиваль үстүбүздөгү жылдын 3-10-сентябрь күндөрү өтөт. Быйыл 25-ирет боло турган иш-чарада КМШ жана Балтика мамлекеттеринин тасмалары ат салышат. 

Актан Арым Кубат тартууланган тасмаларды Россия менен Белоруссиянын белдүү кино ишмерлери менен бирге баалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0