05:46 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Комуз. Архив

Акындардын айтышында чыккан чырды Маданият министрлиги иликтейт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
354 0 0

Акыркы маалыматтар боюнча Кырчын жайлоосунда өтө турган айтышка 12 акын катышмай болгон.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун алкагында өтүүчү эл аралык айтышка катыша турган акындарды тандоо турунун айланасында чыккан чырды текшерүү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тапшырылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, тандоо туру 15-августта өтүп, ага 31 акын катышкан. Алгач сегиз акын тандалып алынып, бир топ сын пикирлерден кийин Кырчын жайлоосунда өтө турган айтышка Болот Назаров, Асылбек Маратов, Кадырбек Бейшенов, Чыңгыз Кожошов, Изат Айдаркулова, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Максат Кулуев, Шекербек Адылов, Идирис Айтибаевдер катышмай болгон. 

Анткен менен калың журттун ичинде калыстардын чечимине нааразы болгондор көбөйүп, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралган. Мындан сырткары жетиштүү упай топтоп сегиз акындын катарына кирген Аалы Туткучевдин калыстарга нааразы болуп, айтыштан баш тартуусу абалды курчуткан. Андан кийин айтышка Жеңишбек Жумакадыр да барбай турганын айткан.

"Учурдагы жаралган жагдайга байланыштуу вице-премьер Гулмира Кудайбердиева абалды териштирүүнү маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковго тапшырды", — деп айтылат маалыматта. 

Х эл аралык айтыш 4-5-сентбярь күндөрү өтөт. Казак-кыргыз акындарына кош байге коюлуп, жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түздү. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Тема боюнча

Бишкекте казак акындар менен беттешчү төкмөлөр тандалып жатат
Кыргыз-казак акындары Кырчын жайлоосунда кыл чайнашат
Белгилер:
акын, айтыш, Аалы Туткучев

ЭҢ МААНИЛҮҮ