22:49 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Улуттук кийим кийген модельдер. Архив

Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
374852

Заман өзгөргөн сайын ошого жараша кийим-кече да улам өзгөрүп турат эмеспи. Мода бир орунда турбайт деп бекеринен айтылбаса керек.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргыз кыз-келиндери байыртадан атка тез минүү жана узакка жүрүү зарылдыгынан улам узун этектүү, кең, этеги кымтылануучу, бели кездеме же кур менен курчалган кийим тигүүгө мажбур болушкан. 

Акыркы 10 жылдын аралыгында кыргызстандык дизайнер-модельерлер кайрадан этно стилге, улуттук кийимдерге басым жасап келишет. Бул калк кайрадан этномаданиятка кайрылганынан кабар берет. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыздарды эстен тандырган этно стилдеги 9 буюмду сунуштайт. 

Девушка в кыргызской национальной этно-одежде кепкыя
© Фото / Адил Рашидов
Кептакыя "Оймок Арт" кийим студиясыныкы

Кептакыя. Бул — кыз-келиндин баш кийими. Илгери турмушка чыга элек, бойго жеткен кыздар кийчү. Күйөөгө тийген кыз анын үстүнө элечекти орончу. 

Аялдар мойну талыганда элечегин алып, жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө беришчү. Учурда аталган баш кийимди кийген кыздарды көп кезиктирсек болот. Демек, кептакыя канча бир жылдан кийин кайра биздин коомго кайтып келди деп ишеничтүү айтсак болот.

Девушка в кыргызской национальной этно-одежде
© Фото / Адил Рашидов
Көйнөк "Аска" арт-салонунуку

Ою түшүрүлгөн көйнөк. Күрмө, кемсел сыяктуу сырт кийимдердин ичинен кийилет. Көйнөккө оймо-чиймелер саймаланып, ар кандай мончок-шурулар тагылчу. Азыр кыргыз орнаменти түшүрүлгөн көйнөк "мен кыргыз" деген аялзатынын көбүндө бар. 

Девушка в кыргызской национальной этно-одежде Чиптама
© Фото / Адил Рашидов
Чыптама "Aска" cалонунуку

Чыптама. Аялдардын көйнөгүнүн сыртынан кийилет. Чыптаманын жеңи кыска келип, белге чейин болот. Ал бир жагынан жылуу, бир жагынан жеңил келет. Чыптаманы илгери аялдар үй шартында гана кийсе, азыр сыйлуу жерге да бапестелип кийилип калды. 

Девушка в кыргызской национальной этно-одежде белдемчи
© Фото / Арзайым Рыскулова
Белдемчи "Оймок Арт" кийим студиясыныкы

Белдемчи. Аялдардын көйнөктүн сыртынан белден ылдый тартынуучу кийими. Кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Белдемчини жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Белдемчи учурда эң популярдуу этно кийим. 

Девушка в кыргызской национальной этно-одежде чапан
© Фото / предоставлено Жумагул Сариевой
Чапан "Chapan" студиясыныкы

Чапан. Илгери кеңири жайылган сырт кийим болчу. Канча бир жыл убактан кийин аталган сырт кийим жаңы толкун менен пайда болду. 

Девушка в кыргызской национальной этно-обуви
© Фото / предоставлено Алмазбеком Омүровым
Өтүк "Кадам" ишканасыныкы

Бут кийим. Учурда анын ар кандай түрлөрү бар. Бул күндөрү улуттук оймо-чиймелер түшүрүлүп, булгаарыдан тигилген өтүктөргө суроо талап өсүп турган маал. 

Девушка в кыргызской национальной этно-аксессуарах
© Фото / предоставлено Бурул Жусупбековой
Зер жасалгалар Ethno ювелир ишканасыныкы

Зер жасалгалар. Кыргыздар зер буюмдарды өтө баалашкан. Зер буюмдар барктуу болгондуктан, баатырдык көрсөткөндөргө, мелдеште жеңгендерге, төкмө ырчыларга тартуу катары, жарышка чыккан күлүк аттардын байгесине берилген. Анан албетте, Сөйкө, билерик, шакек, чач учтук аялзатынын көркүнө көрк кошуучу эң башкы атрибут болгон. Учурда илгери апаларыбыз тагынган зер жасалгалар, заманбап стилге айкалыштырылып жасалып келет. 

Девушка с кыргызской национальной этно-сумкой
© Фото / Айсалкын Адышева
Сумка "Тумар Арт" салонунуку

Сумка. Илгери сумканы баштык деп аташчу. Ага азыркыдай косметика, блокнот, калем эмес, гүлазык салынчу. Азыр кичинекей капчыктан тартып чоң сумкалардын түрү кездешет. Албетте, кыргыз оймо-чиймелери менен. 

Девушка в кыргызском национальном этно-шарфу
© Фото / Эркин Болжуров
Моюн орогуч кол өнөрчү Айдай Асангулованын колунан чыккан

Моюн орогуч. Аялдардын сулуулугуна көрк кошкон дагы бир өзгөчө буюм. Учурда анын таза жибектен, жүндү уютуп алып, колго жасалган түрү абдан баалуу. Сүрөттө дал ошондой моюн орогуч көрсөтүлгөн. 

Тема боюнча

Жети дубандын кыздары чачына кандай кам көрөт. Калыптанып калган жалпы түшүнүктөр
Кыргыз футболчулары казакстандык атаандаштары менен беттеш алдында соот кийишти
Көчмөндөр оюнунун алкагында этникалык мода жана музыка сынагы өтөт
Белгилер:
чапан, зер, кол өнөрчүлүк

ЭҢ МААНИЛҮҮ