"Сүтак" Ирактагы Күрдстанда өтүүчү фестивалга катышмай болду

© Фото / предоставлено Алтынай КойчумановойРежиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасынан кадр. Архив
Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңишке жетишкен тасмага 10 миллион динар же 8 миң доллар акча ыйгарылат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Ирактагы Күрдстандагы кинофестивалга чакырылганын Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак Духок шаарында 9-16-сентябрда өтөт. 

"Сүтак" эл аралык сынакта ат салышып, белгилүү режиссер Йылмаз Гюнейдин сыйлыгына талапкер болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган номинацияда жеңишке жетишкен тасмага 10 миллион динар же 8 миң доллар акча ыйгарылат. Мындан тышкары режиссер Абдыкалыков "Жаңы талант" номинациясында да күч сынашат. Бул бөлүктө 4 миллион динар же 3200 доллар сыйлык каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0