Бишкекте казак акындар менен беттешчү төкмөлөр тандалып жатат

Жазылуу
Айтыштын тандоо туруна 31 акын катышууда. Мындан сегиз акын тандалып алынат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун алкагында "Кырчын" жайлоосунда өтө турган эл аралык айтышка катышуу үчүн учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында ак таңдай акындарды тандоо өтүп жатат.

Жаачылар чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнунун алкагында этникалык мода жана музыка сынагы өтөт
Калыстар тобунун мүчөсү, белгилүү акын Зайырбек Ажыматовдун айтымында, айтышка 31 акын катышууда. Мында сегиз акын тандалып алынат да, "Кырчындагы" казак-кыргыз айтышына катышууга укук алат.

Эскерте кетсек, 4-5-сентябрь күндөрү өтө турган Х Эл аралык төкмө акындардын айтышына казак акындар да чакырылган. Сынакка кош байге коюлуп, жалпы фондусу 1,5 миллион сомду түзөт.

Ушу таптагы акындардын айтышына белгилүү адабий сынчы Кадыркул Даутов, акын Анатай Өмүрканов, жазуучу Олжобай Шакир, манасчы Рысбай Исаков, төкмө акын Элмирбек Иманалиев, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов калыс болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0