Эгиздерин өлүмгө кыйган эне, көп күйөөгө тийүүчүлүк — "Ак Мактым" жөнүндө жети факты

Жазылуу
Көп күйөөгө тийүүчүлүк. Трагедия. Балдарын өлүмгө кыйган учур жана эркиндиктин баасы. Sputnik Кыргызстан кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын арасынан Ак Мактым аттуу дастан туурасында топтогон жети фактыны сунуштайт.

Кожожаш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы
Ак Мактым – турмуштук поэма. Кыргыздын Байсары деген бай адамы Ак Мактым аттуу кыз көрөт. Бул каармандан эки агасы, бир сиңдиси болот. Мактымдын жомоктогудай сулуулугу, кырк кулач чачы тууралуу маалымат дубанга тарап, акыры калмактын Бегарстан деген тайчиси кызга ашык болуп, зордук менен алып кетет. Кыз калмакка туткун болуп кетерин алдын ала түшүндө көрөт. Үч жыл калмактын колунда жашап, эгиз уулду болгонго чейин Ак Мактым качып кете албай, туткунда жүрөт. Эрксиз, кордук турмушту башынан өткөрөт. Акыры амал менен качып чыгып, артынан кууп келген ага-ини тайчыларды алдап, мал-мүлкүн, эгиз балдарын, өздөрүн кошо уу дарыяга салдырып өлтүрөт. Өз жерине келип, сүйгөн жигитине турмушка чыгат.

Дастандын негизинде "Бегарстан тайчы", "Оң Бегарстан", "Отуз эки Бегарстан", "Тайчы", "Мактым" деген уккулуктуу, кайрыгы муңдуу, кээде шайыр болгон күүлөр жаралган.

Дастандын сегизден ашуун варианты бар. Учурда адабиятчыларга Ош облусундагы Зулпиевден, сузактык Юлдаш Бостоновдон, ноокаттык Абдраим Токторбаевден, Матисак Орозматовдон, Жоошбаевден, Жерге-Талдык Канаатов Шариптен жана Тоголок Молдодон жазылып калган варианттары белгилүү.

Башка элдерде да айтылат. Алыскы Хакасиядан "Абахай Пахта", жакынкы уйгурлардан "Махтум-сула" деген версиялары да бар. Ар бир элдин фольклордук, этностук салттарына ылайык алымча-кошумчаларга жана толуктоолорго дуушар болгонун көрөбүз. Өзгөчө жер-суу, адам аттарындагы айрым сюжеттердеги айырмачылыктар бирин-бири толуктап, уламыштын байыркы версиясы кандай түрдө болгонун боолголоп түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңыл Мырза - Sputnik Кыргызстан
Жаңыл Мырза туурасындагы жети факты
Тарыхый чыйыр же талаштуу маселе. Чыгармада тарыхый окуялар көркөм чагылдырылган. Тагыраагы, 1418-жылы Моголстандын ханы Вейс-хан ойрот баскынчыларына колго түшүп калат да, өзүнүн Мактым деген карындашын Эсен-тайчы деген ойроттордун өкүмдарына аялдыкка берүүгө аргасыз болот. Уламыш Моголстанда жашаган түрк тилдүү элдердин чөйрөсүндө XV кылымдын баш ченинде пайда болуп, ошол элдердин өкүлдөрү аркылуу Хакасияга, уйгурларга жана кыргыздарга тараган деп айтылат. 

Ал эми бир катарлары калмак кыргыздын ортосундагы карама- каршылыктарга байланыштуу окуя чагылдырылгандыгын айтып, муну тарыхта болгон окуя катары кароо талаш маселе дешет. Алар калмактар менен кармаш Орто Азия элдеринин далай эпикалык чыгармаларынын жаралышына өбөлгө болгондугун айтышат.

Ага-ининин Мактымга үйлөнүшү же көп күйөөгө тийүүчүлүк. Поэманын сюжетиндеги эпикалык жанрда сейрек кездеше турган полиандрия (көп күйөө күтүү же бир аял менен бир нече эркек бир туугандар жашоо) көрүнүшү. Бул туурасында адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Гүлбара Орозова өзүнүн изилдөөсүндө буларга токтолот. "Жоошбаев менен Канаатовдун варианттарында эки бир тууган калмак тайчынын экөө тең Мактымга үйлөнөт. Бостоновдун вариантында иниси да Мактымды жакшы көрүп калгандыктан, агасы жокто Мактымдын койнуна жатып алары ачык айтылат. Полиандрия институттарынын пайда болушунун тарыхый, демографиялык, социологиялык, экономикалык, ал турсун жеке мүнөздөгү себептери бар. Полиандриянын тарыхый пайда болуу мезгилин алгачкы коомдук түзүлүштүн тушунда, группалык нике күтүү мезгилинде, матриархат доорунда деп түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Демек, "Ак Мактымда" полиандрия институтунун (ага-ининин Мактымга үйлөнүшүнүн) орун алышын тарыхый катмарлануу аркылуу фольклордук чыгармадан орун алган деп айтууга негиз бар", — деп айтылат.

Прогулка по яблоневой роще - Sputnik Кыргызстан
"Олжобай менен Кишимжан" жөнүндө алты факты. Таеже менен жээндин сүйүүсү
Эркиндиктин баасы — өз баласын өлүмгө кыюу. Бул элдик чыгармада жүрөк титиреткен дагы бир, карама-каршылыктуу, окурманды чыңалуу абалына жетелеген сюжет бар. Ал — Ак Мактымдын баскынчыларга каршы күрөшүп, айла-амалдарды колдонуп эркиндикке чыгуу максатында балдарын өлүмгө кыюуга аргасыз болгондугу. Мактым аргасыз туткун болуп, "олжо катын", "туткун", "кулагыңды кессем кунуң жок" деп кордолгон абалы менен келише албайт. Элине кетүүнү эңсейт. Акыры энелик милдетинен баш тартып, эркиндикке чыгуу, туткундан кутулуу, өз эли-жерине кетүү сезими жеңип кетет. "Душмандан төрөлгөн бала акыры элине каршы жоо болорун, акыр түбү душмандын тукуму экенин эске алып", канчалык оор болсо да балдарын өлүмгө кыят.

"Жаңыл мырзага" үндөштүк. Мактымдын өз балдарын өлтүрүшү көркөм чыгармада трагедиялуу бир учук жипти алып жүрүп отурат. Буга үндөшкөн сюжет атактуу "Жаңыл Мырза" дастанында бар. Анда баатыр кыз намыстан улам сүйгөнү Түлкү баатырды өлтүрүп, өзүн өмүр бою арманга салган жери бар. Албетте, реалдуу турмушта жашап өткөн каарман болсо, Ак Мактым канчалык бактылуу жашаса да, энелик жүрөгү жаралуу жүрүп өтсө керек.

Материалдарга окумуштуу Турдубай Абдыракунов менен адабиятчы Гүлбара Орозованын изилдөөлөрү пайдаланылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0