Кыргыз-казак акындары Кырчын жайлоосунда кыл чайнашат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз. Архив
Кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул айтыш "Тарых жана маданият” жылына, II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондусунун 15 жылдыгына арналат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын алкагында Х Эл аралык төкмө акындардын айтышы өтө турганын "Айтыш" коомдук фондусунун жетекчиси Азамат Болгонбаев билдирди.

Жаачылар чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнунун алкагында этникалык мода жана музыка сынагы өтөт
Маалыматка ылайык, бул айтыш "Тарых жана маданият” жылына, II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондусунун 15 жылдыгына арналат.

Айтыштын тандоо туру 15-августта саат 10.00 Улуттук драма театрында болот. Ага өлкөнүн бардык аймагындагы акындар катыша алат. Жаш курагы жана даражасы чектелбейт.

Тандоо турунан Кыргызстандан 8 акын, Казакстандан келген 8 акын тандалат. Упай тең болуп калган учурда жашы улуусуна жол берилет.

Байге фондусу 1,5 миллион сомду түзгөн айтыш 4-5-сентябрда Ысык Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтөт.

"Баш байге — 300 миң сом. Биринчи орунга — 150 миң, экинчи орунга — 100 миң, ал эми үчүнчү орунга — 80 миң сом берилет. Мында кош байге болот, башкача айтканда казак акындарына өзүнчө, кыргыз акындарына өзүнчө сыйлык берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 8 акынга 30 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык берилет. Жалпы жонунан айтышка катышкан 16 акынга тең байге ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0