"Жер сулуусу" сынагына Кыргызстандан Бегим Алмасбекова катышат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСулуулар сынагы. Архив
Сулуулар сынагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын өткөрүлчү сынакка дүйнөнүн бардык бурчунан келген сулуулар катышат. Иш-чаранын негизги максаты гуманитардык көйгөйлөргө жарандардын көңүлүн буруп, айлана-чөйрөнү коргоо менен жаратылышты сактоого чакырык болуп эсептелет.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Эл аралык "Жер сулуусу — 2016" сынагына Кыргызстандын атынан 19 жаштагы Бегим Алмасбекова катышат. Бул тууралуу өлкө аймагында "Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы билдирди. 

 

A photo posted by @begima_ on Jun 25, 2016 at 9:34am PDT

Алмасбекова Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган сынакка катышмай болду. Ал "Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагынын вице-сулуусу атыккан.

 

Мисс Бикини 2016 конкурсунун катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Дене мүчөсү келишкен бийкечтер. Бишкекте "Бикини сулуусу" сынагы өттү
Жыл сайын өткөрүлчү сынакка дүйнөнүн бардык бурчунан келген сулуулар катышат. Иш-чаранын негизги максаты гуманитардык көйгөйлөргө жарандардын көңүлүн буруп, айлана-чөйрөнү коргоо менен жаратылышты сактоого чакырык болуп эсептелет. 

Программага ылайык бардык катышуучулар аймактык жана глобалдык экологияны жакшыртууга багытталган эл аралык долбоорлорун сунушташат. Жеңүүчү атыккан сулуу БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программасынын өкүлү болуп калат.

Кыргызстандын атынан бара турган катышуучу өзүнүн долбоорун сунуштоого жетишти.

Сулуулар сынагы Давао шаарында өтөт (Филиппины). Финал 15-октябрга белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0