Тарых музейинин алтын фондусу ремонт маалына Улуттук банкта сакталат

Жазылуу
Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы негизделип, азыркы имараты мындан 32 жыл мурун салынган. Бул жерде 135 миң тарыхый жана маданий эстелик сакталып турат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинин алтын фондусу имараттын реконструкцияланып жатканына байланыштуу Улуттук банкта сакталат. Бул тууралуу ремонттун жүрүшү менен таанышкан вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева айтты. 

ӨКМ кызматкерлери Бишкек шаарынын борбордук аянтында жайгашкан тарых музейинин жанында. - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: тарых музейинде чыккан өрттөн экспонаттар жабыркаган эмес
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Кудайбердиева ремонт иштеринин жүрүшү менен бүгүн, 6-августта таанышты.

Музей жетекчилеринин айтымында, музейди реконструкциялоо эки этап менен жүргүзүлүүдө. Биринчисинде имараттын маңдайына жарык берүү системасы жаңыртылса, кийинкисинде оңдоп-түзөө иштери толук кандуу аягына чыгат.

"Кудайбердиева музейдин бөлүгүндө чыккан өрттүн кесепетин көрүп, көчмө жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен өкмөт аппаратына келтирилген зыянды эсептеп чыгуу жана ремонт маалына алтын фондду Улуттук банктын имаратында сактоо боюнча маселе тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Учурда реконструкциялоо иштери өз мөөнөтү менен жүрүп жатат.

Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы негизделип, азыркы имараты 1984-жылы салынган. Бул жерде 135 миң тарыхый жана маданий эстелик сакталып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0