09:28 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
22710

Сценарий боюнча өлкөнүн көз жоосун алган бардык кооз жерлер түшүрүлөт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын кооз жерлерин чагылдырган "Легенда" тасмасы тартылууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" фонду билдирди. 

Учурда кинонун көпчүлүк бөлүктөрү тартылып бүтүп калды. 

"Тасмада Кыргызстандын бардык тарыхый комплекстери, кооз жерлери көрсөтүлгөн. Сценарий боюнча жаштар өлкөнү кыдырып, көз жоосун алган жерлерге барышат", — деп айтылат маалыматта. 

Тасмага Чыңгыз Исмаилов режиссерлук кылса, Данияр Илгиз операторлукту аркалап жатат. Ал эми кинонун монтажын Рахат Жумабеков жасайт.

Фильмдин бюджети 15 миллион сомду түзүп, ал аталган фонддун негиздөөчүсү Самат Ибраев тарабынан каржыланууда.

Тема боюнча

Кыргызстанда "Сулайман-Тоо" тасмасы тартыла баштады
Казанда өтүүчү мусулмандар киносунун фестивалына үч кыргыз тасмасы катышат
Белгилер:
режиссер, тасма, Самат Ибраев

ЭҢ МААНИЛҮҮ