Бишкекте "Тоо & суу" аттуу заманбап искусствонун көргөзмөсү өтөт

© Фото / Геннадий ЗакировБелогор капчыгайы. Архив
Белогор капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө 11 мамлекеттен келген сүрөтчүнүн жаратылыштын сулуулулугун даңазалаган эмгектери коюлат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында "Тоо & суу" аттуу заманбап искусствонун көргөзмөсү өтө турганын Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинен билдиришти.

Кыргызстанда алты тилдүү туристтик сайт ишке кирди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда алты тилдүү туристтик сайт ишке кирди
Эл аралык көчмө искусство лагеринин алкагында боло турган көргөзмө жума күнү саат 15.00дө ачылат.

Көргөзмөнүн негизги максаты элди жаратылышты, каада-салтты жана тарыхты сүйүүгө чакыруу болуп эсептелет.

Маданий иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Австрия, Швейцария, Лихтенштейн, Франция, Германия, Израиль, Түркия жана Россиядан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0