"Асман алдында" жана "Көч" тасмалары Филиппин менен Австриядагы фестивалга чакырылды

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Австралия менен гана чектелбей, Италияда да көрсөтүлөөрү пландалууда.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. "Асман алдында" жана "Көч" тасмалары эл аралык сынактарга катыша тургандыгын Киноматография департаменти билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казанда өтүүчү мусулмандар киносунун фестивалына үч кыргыз тасмасы катышат
Маалыматка ылайык, режиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы 7-8-август күндөрү Филиппинде өтө турган эл аралык "Синемалайя" кинофестивалына жана ноябрь айында Италияда өтүүчү "Asiatica, Encounters with Asian Cinema" кинофестивалына катышат.

Ал эми Марат Сарулунун "Көч" тасмасы 24-28-августта Австрияда өтө турган "Der NeueHeimatfilm" эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт.

Эки тасма тең Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0