Кыргызстанга арналган россиялык журнал жарыкка чыкты

Жазылуу
Учурда Ысык-Көлдө КМШ мамлекеттеринин кен иштетүү боюнча өкмөт аралык кеңешинин ХХ сессиясы өтүп жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата россиялык "Горный журнал" август айындагы номерин Кыргызстанга арнап чыгарды. Бул тууралуу Геология боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Ала-Тоо борбор аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек россиялык туристтер үчүн КМШдагы эң арзан шаар болуп калды
Журналдын биринчи бетинде президент Алмазбек Атамбаевдин окурмандарга жана КМШ мамлекеттеринин кен иштетүү боюнча өкмөт аралык кеңешинин ХХ сессиясына катышып жаткандарга кайрылуусу берилген. Эскерте кетсек, ушул күндөрү аталган кеңештин жыйыны Ысык-Көлдө өтүп жатат.

Журналда Кыргызстандын тоо-кен комплекси боюнча жергиликтүү эксперттердин пикирлери, жер алдындагы суулар, тоо туризминин өнүгүшүнө арналган аналитикалык макалалар камтылган.

"Горный журнал" 190 жылдан бери чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0