Көчмөндөр оюндарында намысты коргой турган балбандар белгилүү болду

Жазылуу
Күрөш боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу катары Майрамбек Атабеков тандалды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстандын атынан күрөш боюнча катыша турган балбандар белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. 

Улуттук курамага жети спортчу тандалып алынган. 

"Бишкек шаарында өткөн күрөш боюнча өлкө биринчилигинин жыйынтыгы боюнча жети балбан тандалды. Алар ар кыл салмакта намысты коргошот", — деп айтылат маалыматта. 

Участники танцевальной группы во время I Всемирны Игр Кочевников в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына катыша турган өлкөнүн саны 20га жетти
Ага ылайык, Бекзат Тынчтыбек уулу, Сымбатбек Алымбеков, Зиямидин Садыбеков, Тариел Усенов, Бектурган Кожомуратов, Нурбек Кожобеков жана Бекболсун Кушубаковдор башкы машыктыруучу Майрамбек Атабековдун алдында күч сынашат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0