"Оймо-2016": кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси Чолпон-Атада уланууда

© Фото / Ярослав МальцевОймо фестивалы.
Оймо фестивалы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш чаранын эң негизги максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүү, маданий мурасты сактоо жана Ысык-Көлдү маданий эл аралык борборго айлантуу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. "Оймо" эл аралык маданият фестивалы учурда Көл жээгинде уланып жатат. 

Уюштуруучулардын айтымында, иш чаранын артыкчылыгы – Кыргызстанга келген туристтер менен эс алуучулар үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн маданияты, салты жана өнөрү менен бир жерден таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүндө.

© Фото / Ярослав Мальцев"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
Оймо эл аралык маданият фестивалы - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
© Фото / Ярослав Мальцев"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
Оймо эл аралык маданият фестивалы - Sputnik Кыргызстан
2/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
© Фото / Ярослав Мальцев"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
Оймо эл аралык маданият фестивалы - Sputnik Кыргызстан
3/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
© Фото / Ярослав Мальцев"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
Оймо эл аралык маданият фестивалы - Sputnik Кыргызстан
4/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
1/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
2/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
3/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы
4/4
"Оймо" эл аралык маданият фестивалы

Бул чыгыш базарында Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Азербайджан, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Түркмөнстан өлкөлөрүнөн келген жибек кездемелер жана буюмдар, риштан керамикасы, кийизден жасалган ар түрдүү кийимдер жана жасалгалар, күмүш буюмдары эл назарына тартууланып жатат. 

Дизайнерлердин кыздар үчүн тиккен көйнөгү жана баш кийими - Sputnik Кыргызстан
"Оймо – 2016": этникалык мода, бий жана майрамдык парад
Жарманке Чолпон-Ата шаарында 7-августка чейин созулат. 

"Оймо" эл аралык маданият фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан тартып өткөрүлөт. Адатта Бишкек шаарында июль айынын аягында башталып, андан ары Чолпон-Ата шаарында улантылат. Иш чаранын эң негизги максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүү, маданий мурасты сактоо жана Ысык-Көлдү маданий эл аралык борборго айлантуу.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0