Көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Жазылуу
Иш-чарага Казакстандан сегиз акындын келүүсү күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында акындардын Х эл аралык айтышы өтө турганын "Айтыш" коомдук фондусунун төрагасы, белгилүү акын Азамат Болгонбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 5-7-сентябрга белгиленген. Тарых жана маданият жылын утурлай өткөрүлө турган иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жана "Айтыш" фондусунун 15 жылдыгына арналмакчы.

"Кырчын жайлоосунда өтө турган айтышка казак элинен сегиз акын келет, Кыргызстандан да сегиз акын катышат", — деди Болгонбаев.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен "Айтыш" коомдук фондусу тарабынан демилгеленүүдө.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0