Ысык-Көлдө салт-санааны даңазалаган фестиваль өттү

© Фото / пресс-служба полпредства Правительства КР в Иссык-Кульской областиЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында "Элет керемети" фестивалы
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында Элет керемети фестивалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага 700гө жакын киши чогулган. Ошондой эле Израиль, Австрия, Россия, Германия жана башка мамлекеттерден келген туристтер дагы ортоктош болушкан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында "Элет керемети" фестивалы өткөнүн өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Уюштуруучулардын бири Анара Дубанбаеванын айтымында, мындай иш-чара айыл аймагында биринчи жолу өтүп жатат.

"Ак-Суу районундагы беш айылдын демилгелүү тобу элет жашоочуларынын башын бириктирип, улуу муундан калган салт-санааны жаш муунга өткөрүп берүү жөрөлгөсүн кылууну чечтик. Себеби, салт-санааны болочок муун унутуп бара жатат. Андан сырткары, биздин аймакка туристтерди да тартууну көздөйбүз", — дейт Дубанбаева.

© Фото / пресс-служба полпредства Правительства КР в Иссык-Кульской областиЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында "Элет керемети" фестивалы өттү.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында Элет керемети фестивалы өттү. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында "Элет керемети" фестивалы өттү.
© Фото / пресс-служба полпредства Правительства КР в Иссык-Кульской областиУюштуруучулардын бири Анара Дубанбаеванын айтымында, мындай иш-чара айыл аймагында биринчи жолу өтүп жатат.
Уюштуруучулардын бири Анара Дубанбаеванын айтымында, мындай иш-чара айыл аймагында биринчи жолу өтүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Уюштуруучулардын бири Анара Дубанбаеванын айтымында, мындай иш-чара айыл аймагында биринчи жолу өтүп жатат.
© Фото / пресс-служба полпредства Правительства КР в Иссык-Кульской областиАк-Суу районундагы беш айылдын демилгелүү тобу айылдыктардын башын бириктирип, улуу муундан калган салт-санааны жаш муунга өткөрүп берүү жөрөлгөсүн кылууну чечти.
Ак-Суу районундагы беш айылдын демилгелүү тобу айылдыктардын башын бириктирип, улуу муундан калган салт-санааны жаш муунга өткөрүп берүү жөрөлгөсүн кылууну чечти. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ак-Суу районундагы беш айылдын демилгелүү тобу айылдыктардын башын бириктирип, улуу муундан калган салт-санааны жаш муунга өткөрүп берүү жөрөлгөсүн кылууну чечти.
© Фото / пресс-служба полпредства Правительства КР в Иссык-Кульской областиФестивалда Манас айтылып, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды.
Фестивалда Манас айтылып, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Фестивалда Манас айтылып, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды.
© Фото / пресс-служба полпредства Правительства КР в Иссык-Кульской областиБул маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аштын көргөзмөсү болуп, келген коноктор даам сызышты.
Бул маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аштын көргөзмөсү болуп, келген коноктор даам сызышты. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Бул маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аштын көргөзмөсү болуп, келген коноктор даам сызышты.
1/5
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында "Элет керемети" фестивалы өттү.
2/5
Уюштуруучулардын бири Анара Дубанбаеванын айтымында, мындай иш-чара айыл аймагында биринчи жолу өтүп жатат.
3/5
Ак-Суу районундагы беш айылдын демилгелүү тобу айылдыктардын башын бириктирип, улуу муундан калган салт-санааны жаш муунга өткөрүп берүү жөрөлгөсүн кылууну чечти.
4/5
Фестивалда Манас айтылып, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды.
5/5
Бул маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аштын көргөзмөсү болуп, келген коноктор даам сызышты.

Фестивалда Манас айтылып, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды.

"Баланы бешикке салуу, тушоо кесүү, кыз узатуу сыяктуу жөрөлгөлөр келген коноктор менен туристтердин кайдыгер калтырган жок. Фестивалда элечекти көптөн бери изилдеп келе жаткан Асел Калканова анын түрлөрүн көрсөтүп, тарыхы тууралуу кенен айтып берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттук тамак-аштын көргөзмөсү болуп, келген коноктор даам сызышты. Фестиваль эр оодарыш, улак тартыш жана кыз кумай улуттук оюндары менен аяктаган.

Иш-чарага 700гө жакын киши чогулган. Ошондой эле Израиль, Австрия, Россия, Германия жана башка мамлекеттерден келген туристтер дагы ортоктош болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0