Монреаль кинофестивалында "Ата керээзи" тасмасы күч сынашат

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүМонреаль шаары. Архив
Монреаль шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки саатка чукул созулган толук метраждуу тасма "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Канаданын Монреаль шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга Кыргызстандан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы катышмай болду. Бул тууралуу Кинематографты өнүктүрүү фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, кинофестиваль 25-августта башталып 5-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандык тасма сынактын дебюттук программасына тандалып алынды.

Фильм кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана жайылтууга, ата салтын даңазалоого багытталган. 

Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) жаштар камералык оркестры Англиянын Оксфорд шаарында концерт учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык таланттар Оксфорддо өз өнөрүн тартуулашты
Эки саатка чукул созулган толук метраждуу тасма "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылып, башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон.

Сценарийге ылайык, Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргызстанга алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын күбөсү болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей арсар ойго батат.

Эл аралык Монреаль кинофестивалы дүйнөнүн 15 абройлуу сынактарынын катарына кирип, А категориясындагы иш-чара болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0