Көлдө өтүүчү "Оймо" фестивалына Индия, Афганистан, Россиядан 150 кол өнөрчү келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык "Оймо" кол өнөрчүлөр фестивалынын катышуучулары. Архив
Эл аралык Оймо кол өнөрчүлөр фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган буюмдардын жарманкеси өтөт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Эл аралык "Оймо" кол өнөрчүлөр фестивалы Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдө аяктайт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

"Оймо" фестивалы 29-июлдан 7-августка чейин созулуп, ага Индия, Афганистан, Россия өлкөлөрүнүн 150дөн ашуун кол өнөрчүлөрү катышат.

"Иш-чарада кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган буюмдардын жарманкеси, "Этно маданият" мода көрсөтүүсү жана "Чапан, сари, кимоно" аталышындагы кийимдердин көргөзмөсү уюштурулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, фестивалдын алкагында Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Чоң энемдин куурчагы" сынагы жана "Манас кенчи" көргөзмөсү өтөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0