"Асман алдында" тасмасы япониялыктарга тартууланды

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасма режиссер Дальмира Тилепбергенованын дебюттук иши болуп саналат. Анын дүйнөлүк бет ачары Канадада өткөн.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Япониянын Кавагучи шаарында өткөн SKIP city International D-Cinema эл аралык кинофестивалына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 13-ирет өткөн кинофорум санарип форматындагы тасмаларды гана кабыл алган. Үстүбүздөгү жылдын 16-24-июль күндөрү өткөн фестивалга катышуу ниетин 88 мамлекеттен 919 тасма билдирген.

"Кыргызстандык тасма толук метраждуу 715 тасманын ичинен тандалып алынып, 12 фильм катыша турган сынактын программасына кирген", — деп айтылат маалыматта.

Ролик Всемирных игр Кочевников - Sputnik Кыргызстан
Раиса Атамбаева Көчмөндөр оюну тууралуу видео роликке тартылды
Иш-чаранын жабылуу аземине Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков менен элчиликтин кызматкерлери катышкан.

Сүйүү, жоготуу, ишеним тууралуу бул тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиянын базасында Кинематография департаментинин колдоосу менен бир жыл аралыгында тартылган. Жалпы бюджети 6,5 миллион сом. 

Жаңылыктар түрмөгү
0