"Кедейкан" эпосу жөнүндө алты факты. Кодуланып, кайра багы ачылган дастан

© Sputnik / Айша КамиловаКостюм кийген артист. Архив
Костюм кийген артист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карапайым эл бийлик башындагылардын адилеттүүлүгүн, алысты көрө билишин жана букараларга кам көрүшүн каалайт. Эгерде эл башында ылайксыз адам болсо, аны татыксыз деп табат. Бул идея элдик оозеки чыгармаларда дагы айтылып келген. Андай чыгармалардын бири "Кедейкан" эпосу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги төмөндө "Кедейкан"эпосу туурасында алты фактыны сунуштайт.

"Кедейкан" – эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын социалдык-турмуштук поэмалардын тобуна кирет. Мындагы окуялардын мазмунуна, окуялардын баяндалышына караганда ал кийинки мезгилдерде пайда болгон деп божомолдоого болот.

Кожожаш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы
"Кедейкан" эпосунда кедей-кембагалдардын бийликти колго алышы, адилетсиз хан менен бек, кожо, молдолордун эл арасынан кубаланышы жөнүндө маселе тикеден-тике көтөрүлөт. Эпостун башталышында эле Кедейдин бардык кыймыл-аракети элдин мүдөөсү, кызыкчылыгы менен ажырагыс бирдикте сүрөттөлөт. Сөз кадимки эле карапайым жетим баланын айланасында болот. Жашынан жетим калып, аталык мээримден, энелик эркелетүүдөн ажыраган баланын өмүр жолу өтө татаал болгондугу менен мүнөздүү. Чыгармада Кедейдин хан болушу эпостун негизин түзүп, окуядан окуяга өтүп чиеленип, бардыгы ошонун айланасында өтөт. Мында нагыз элдик үмүт, тилек, жакшы турмуш, "адилеттүү хандар" жөнүндөгү ой, кыялдануулар, кызыктуу берилген. Азимкан өңдүү акылсыз адамдын эл башкарууга жөндөмү жоктугу, зулумдугу, Ак эшенди олуя катары көрүп, элдин сөзүн, турмуш тиричилигин этибарга албастан жөндөн жөн эле Кедейге тактысын тарттырып жибериши жогорку көркөмдүктө, чеберчиликте чагылдырылат.

Эпостун эки варианты бар. Бирөө — акын Калык Акиевдин айтуусундагы атактуу ырчы Токтогулдун варианты, ал төрт миң ыр саптан ашат. Экинчисин фольклор жыйноочу Каюм Мифтаков жазып алган. Көлөмү 1423 ыр сабынан турат. "Кедейкан" эпосундагы окуялардын негизги мазмундук өзгөчөлүгүн кедей менен кандын, кембагал менен байлардын ортосундагы карама-каршылык, таптык күрөш түзөт. Мындай шартта Кедейкандын образы аркылуу эл өзүнүн адилет башкаруучу жөнүндөгү ой-тилегин берүүгө аракет кылган.

Дастан бир кезде кодулануп… кайра бааланган. 1950-жылдары Фрунзеде элдик оозеки чыгармаларды – кенже эпостордун элдүүлүгүн аныктоого боюнча конференция өткөн. Анда бир нече дастандар тууралуу сөз жүрүп, алардын ичинен "Кедейкан" да башкы каармандары кандар, бектер болгондугу үчүн эле идеялык багыты, мазмуну боюнча жараксыз, элдик идеялардан алыс турган мурастар деп кине тагылган. Кайра кийин кыргыз эл эпостору жөнүндө дагы бир топ талкуулар болгон. Алар идеялык-мазмуну, багыты боюнча элдик мүдөө, ой, тилекти билдирген жогорку көркөмдүктөгү баалуу маданий мурастар болуп эсептелет делинген объективдүү жыйынтыктар чыгарылган.

Прогулка по яблоневой роще - Sputnik Кыргызстан
"Олжобай менен Кишимжан" жөнүндө алты факты. Таеже менен жээндин сүйүүсү
"Кедейкан" менен "Короглы" үндөш чыгарма. Бул дастан башка элдин белгилүү оозеки чыгармаларына үндөшүп, сюжеттик линиялары окшошуп турат. Кедейкан менен Орто Азидагы түркмөн, өзбек, тажик жана азербайжан элинде кеңири белгилүү "Көроглы" дастанынын башкы каарманы Көроглы менен Кедейдин образдарында даана байкалган бир топ жалпылыктар, окшоштуктар бар. Кедейкан сыяктуу эле түркмөн, азербайжандардын "Көроглы" аттуу романтикалык поэмасында Көроглы 40 жигити менен кандардын, бектердин, белгилүү адамдардын мал-мүлкүн тонойт. Ал эми жөнөкөй бей-бечара, букараларга тийбейт, элдин таламын талашууга, кызыкчылыгын коргоого аракеттенет.

Токтогул акын чай кайнам ырдаган дастан. "Кедейканды" атактуу Токтогул акын кезегинде аспиеттеп аткарган чыгармаларынын бири экендигин айтып келишет. Бул туурасында таланттуу комузчу жана ырчы Шекербек Шеркуловдун эскергени жазылып калган.

1927-жылдын күз айларында шакирттери, ыр өнөрүн аздектеп уккан замандаштары дастан айтып беришин сурап калганда, Токтогул акын "Кедейканды" бир чай кайнам бою аткарып бергенин жазыптыр.

Анда Токтогул акын

Никелеп алган жары жок,
Бир түп тиккен талы жок,
Бир жерге салган тамы жок,

Ак эшенге Кедейкан
Барганын айтып берсемби?

Азимкандын тактысын
Алганын айтып берсемби?

Ырайкан менен Медеткан
Балдарынан айрылган

Күлайымдай сулуунун
Арманын айтып берсемби?— деп ырдаганына Шеркулов күбө болуптур.

Эр Төштүк чыгармасынан иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Эр Төштүк" чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учураган саптары
Кожо-молдолорду мыскылдаган чыгарма. "Кедейкан" өзүнүн чыгыш доору жагынан таптык коомдун кийинки баскычына таандык. Чыгармадагы оң каарман Кедейкан элдин кызыкчылыгын коргогон адам катары сүрөттөлөт. Ошондой эле кедейдин образы эпостук башка оң каармандардын бийлөөчүлөргө, кожо, молдолорго тикеден-тике күрөш ачуусу менен айырмаланат. Адабиятчылар дин өкүлдөрүн мыскылдоо, ашкерелөө, кожо-молдолордун алдамчылыгын сынга алуу боюнча эпос эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөндүгүн айтышат. Ал эми эпосто элдин дин жана анын өкүлдөрү жөнүндө түшүнүгүнүн, көз карашынын жыйынтыгы берилет. Ал идея элдик каармандын карапайым элдин башын айланткан кожо, молдолордун бетин ачып ашкерелешинде, ак эшендин "касиеттүүлүгүн" жокко чыгарышында жүзөгө ашат. 

"Кедейкан" элдик оозеки чыгармачылыкка кызыккандар үчүн сүйүктүү дастандардын бири катары окулуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0