Көлдүн Тосор айылында "Сары кыздын тоюу" өткөрүлөт

Жазылуу
Фестивалдын алкагында өрүк көргөзмөсү, чеберчиликтин ыкмаларын үйрөтүү, өрүктөн жасалган мыкты таттуу азыктардын сынагы уюштурулат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында 22-23-июль аралыгында "Сары кыздын тоюу" аттуу өрүк фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан "Тосор коому" бирикмесинен билдиришти. 

Алардын айтымында мындай иш-чара жайдын ортосунда жыл сайын өткөрүлүп келет.

"Өрүк фестивалы Ысык-Көл тургундарынын башын бириктирген өзүнчө майрам. Анда жарандар өрүк чарбасын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу менен гана чектелбестен ортодогу карым-катнаштары дагы бекемделет", — деп билдиришти уюштуруучулар.

Фестивалдын алкагында өрүк көргөзмөсү, чеберчиликтин ыкмаларын үйрөтүү, өрүктөн жасалган мыкты таттуу азыктардын сынагы уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0