07:35 05 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
183 0 0

Бул жерде 35 жашка чейинки манасчылардын жана "Ак-Мөөр — Соң-Көл периси" деп аталган сулуулардын кароо сынагы өтөт.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Соң-Көл жайлоосунда 29-июлда "Манас, маданият жана туризм" фестивалы тарыхты жана кыргыз элинин каада-салтын чагылдырган майрам катары уюштурулууда. Бул туурасында Өкмөттүн Нарын олбусу боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

"Фестивалдын негизги максаты — кыргыз элинин салтын туура таанып, улуттук намысыбызды бийик көтөрүү, кыргыз элинин эзелтеден бери түптөгөн идеологиясын, жандуу үгүт насыяттардын негизинде элге жеткирүү, маданиятын каада-салтын сактоо, ошону менен бирге туризмди өнүктүрүү, чет өлкөлүк туристтерди тартуу менен региондун экономикасын өнүктүрүү", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Андан сырткары Соң-Көл жайлоосун туризмдин аймагына айландыруу жана тышкы туристердин кызыгуусун арттыруу, ажайып кооз туристтик аймакты даңазалоо максаты да коюлган.

Фестивалдын жүрүшүндө кыргыз көчүнүн парады, Кемин районунан келген Жантайдын жигиттери менен Ак-Талаалык Ак-Мөөрдүн сиңдилеринин ортосундагы "Сармерден" кароо сынагы өтөт. Андан сырткары 35 жашка чейинки манасчылардын жана "Ак-Мөөр — Соң-Көл периси" деп аталган сулуулардын кароо сынагы өтөт.

Маалыматты кол өнөрчүлөр буюмдары, улуттук сувенирлер, уз-чеберлердин жасаган буюмдарынын, улуттук кийимдердин түрлөрүнүн көргөзмөсү өтүп жана мастер-класстар жүргүзүлөт.

Тема боюнча

Манасчы Рысбай Исаков: аянды баарына жар салсын деп бербейт
Белгилер:
фестиваль, сармерден, айтыш, Ак Мөөр, Ак-Талаа, Соң-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ