Үч мамлекеттин арызынын негизинде Батыш Тянь-Шань ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековСары-Челек көлү жана тоолор. Архив
Сары-Челек көлү жана тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк мурастар боюнча дүйнөлүк уюмдун комитети Батыш Тянь-Шань боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан жөнөткөн арызды карап чыкты.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан жиберген арыздын негизинде Батыш Тянь-Шань ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына маалымат жарыяланды. 

Тизмеге киргизүү 10-20-июль аралыгында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин 40-сессиясында чечилген.

Ажайып Кыргызстан: суктанып көз талбаган Чоң-Ак-Суу капчыгайы - Sputnik Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан: суктанып көз талбаган Чоң-Ак-Суу капчыгайы
Мындан тышкары тизмеге Хубэй провинциясындагы (Кытай) Шэньнунцзя, Мистейкен Пойнт (Канада), Архипелаг Ревилья-Хихедо (Мексика), "Санганеб" жана "Бухта Дунгонаб —Мековар аралы" улуттук деңиз коруктары (Судан), Лут чөлү (Иран), Эннеди бөксө тоосундагы жаратылыш маданий ландшафты (Чад) жана Ирактын түштүгүндөгү Месопотомия сазы киргизилген. 

Батыш Тянь-Шань Борбордук Азиядагы ири тоо системасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Анын бийиктиги 700дөн 4503 метрге чейин жетет. Батыш Тянь-Шандын аймагы дүйнөлүк мааниге ээ. Анда бир катар жемиш дарактарынын түрлөрү, токойлору жана уникалдуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн көптүгү менен белгилүү. 

Буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын Сулайман-Тоосу менен боз үйү кирген.

Кыргызстандын маданий мурастары тууралуу Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0