Караколдогу фестивалда жүздөгөн адам бабалардын улуттук кийимдери менен чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улуттун улуу жолу" аттуу түнкү фестиваль 15-июлда өткөрүлөт. Иш-чара этникалар аралык ынтымакты бекемдеп, ар бир улуттун тилин жана маданиятын урматтоого үндөө максатында уюштурулат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Караколдо "Улуттун улуу жолу" аттуу түнкү этнофестиваль өтө тургандыгы тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Иш-чара 15-июль күнү саат 15.00дөн 00.00гө чейин узап, Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат. Фестиваль этникалар аралык ынтымакты бекемдеп, ар бир улуттун тилин жана маданиятын урматтоого үндөө максатында уюштурулган. 

"Фестивалга Ысык-Көл облусунан 200гө чукул адам чогулуп, алардын бардыгы улуттук кийимчен чыгышат", — деп мэриядан билдиришти.

Анда "Кыргыз элинин салт-санаасы", "Кыргыз улуу державасы", "Көчмөндөр жаңырыгы", "Кыргыздар Россиянын курамында" сыяктуу сегиз номинация пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0