Жаш жазуучулардын "Мекенге таазим" I адабий фестивалы өтөт

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүБлокнотко жазып жаткан адам. Архив
Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адабий фестиваль өз ишинин биринчи этабын жети облустан жаш жазуучулардын чыгармаларын тандоо менен баштап, лауреаттарды тандоо туру сентябрь айында өтөт.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Тарых жана маданият жылынын алкагында жаш жазуучулардын "Мекенге таазим" аттуу I адабий фестивалы өтөт. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раевдин айтымында, акыркы 25 жыл ичинде жазуучулар арасында мындай адабий фестиваль биринчи жолу өтүп жатат.

"Мекенге таазим" адабий фестивалын бир жолу эмес жылына өткөрүүнү салтка айландыруубуз зарыл. Бул фестиваль бийик деңгээлде өтүп, лауреттардын китептерин басып чыгарууга колдоо көрсөтөбүз", — деди Раев.

Кожожаш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы
Дирекциядан алгач, "Мекенге таазим" адабий фестиваль өз ишинин биринчи этабын жети облустан жаш жазуучулардын чыгармаларын тандоо менен баштап, лауреаттарды тандоо туру сентябрь айында өтөрүн билдиришти.

Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов "Мекенге таазим" адабий фестивалы жаш жазуучуларга чоң таасир берет деген пикирин билдирди.

Фестивалдын программасында жогорку окуу жайлардын студенттери менен адабий жолугушуулар бар. Андан сырткары поэзия кечелери болуп, анын алкагында поэзия, проза, орус адабияты, котормо, драматургия, балдар адабияты жанрлары боюнча онго жакын секция иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0