05:15 22 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Кожожаш. Архив

"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы

© Фото / Александр Федоров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (113)
436182

Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларынын ичинен "Кожожаш" дастаны өзгөчө эпос. Ал окурманды эки жээкке жетелеп, ички карама-каршылыктарды жаратып, кээде жаратылыштын жабыркаганына кол шилтетип, мергенди өлүмдөн сактап калууга далбастат.

Sputnik Кыргызстан "Кожожаш" эпосу туурасында жети фактыны сунуштайт.

"Кожожаш"- аңыздан эпоско айланганда. Кожожаш — кыргыз элинин архаикалык жана кенже эпосторунун бири. Анда айылын мергенчилик менен багып, бирок гумандуулукту жоготуп, кайберен тукумун кырып жиберген Кожожаш мергенчи туурасында баяндалат. Кожожаш мерген жөнүндөгү эл арасына легенда, аңыздар да жаралган. Алардын мазмунуна караганда бир уруу элди ошол айылдан чыккан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийик атып келип, ачкачылыктан, өлүмдөн сактап калган деген сөздөр тараган. Адабиятчылардын айтымында, ушундай аңыз-легендадан "Кожожаш" эпосу пайда болгон.

Поэманын варианттары. Азырынча Кыргыз Илимдер Академиясынын кол жазма фондусунда "Кожожаш" поэмасынын үч варианты бар. Алгач Сулайман Конокбаевден Каюм Мифтаков 1923-жылы жазып алган. Экинчиси төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин айтуусу боюнча жазылып, 1938-жылы басмадан чыккан. 1949-жылы Төлөмүш Жээнтаевден үчүнчү вариантын Заир Мамытбеков жазып алган.

Сур эчки касиеттүү кайберен. Чыгармада Сур эчкинин образы башкача түзүлгөн. Байыркы адамдар жаратылыштын айрым көрүнүштөрүн, жан-жаныбарларды "касиеттүү" өзгөчө күч деп келишкен. Ушул карапайым түшүнүк да Сур эчкини ыйык, кайберен катары баалоого алып келген. Мында элдик каармандарга каршы турган кайберен элдин өзүнө тикеден-тике жаманчылыкты каалабайт. Бирок Кожожашка каршы турууда да белгилүү бир адилеттүүлүктү талап кылат. Сур эчки "кырк улагымды кырсаң да, Ала баш текемди берип кет",— деп Кожожашка жалынып зарлайт. Поэмада дал ушул эпизод өтө аянычтуу сезим туудурат.

Бирок Кожожаш эч кимисин аябай кырат. Ала баш текеден айрылган Сур эчки Кожожашты каргап, аны азгырып алып кетерин айтып, ошол убадасына жетет. Ал эми Кожожаш болсо ок чыгарбастан кууп кармап аларын эскертет. Жаратылыштын эки каарманы бири аң-сезими жетилген мерген Кожожаш, экинчиси кайберендин ээси Сур эчки экөөнүн ортосунда болгон күрөштө эчки жеңишке ээ болот. 

Чөптү кор тутсаң, көзгө зыян. Жаратылышты жабырткатпа. Эл легендада Сур эчки менен эмне айткысы келген? Сур эчки чыгармада жөн гана "касиеттүү эне" болбостон, ыйык, адилеттүү күрөш жүргүзүүчү катары баяндалган. Поэмадагы мындай түшүнүктөр алгачкы убактарда адамдар кайберенге чын эле ишенгенин жана андан коркконун көрсөтөт. Буга моюн сунбай эрегишкен мергендер бир кырсыкка, бактысыздыкка учурап каларын баяндаган. Ошол учурда эле Кожожаштын өлүмү менен эл табиятка, жан-жаныбарларга этият мамиле жасоо керектигин эскерткен. Алсыз жан-жаныбарга кырып-жоючулук менен жасаган мамиле акыры айланып, жасаган жандын башына тиерин айткысы келген.

Жалама аскадан ажал тапкан Кожожаш. "Кожожаш" дастанында тапсыз коом сүрөттөлөт. Ал учурдун жашоосунда табият сырлары менен күрөшүүдөгү бирден-бир куралы — мергенчилик кесип эле. Бир айылдын элине таанылып аты чыккан Кожожаш өз башына жана үй-бүлөсүнө түшө турган каргашага карабастан, Сур эчки менен айыгышкан кармаш жүргүзөт. Сур эчки менен Кожожаштын ортосунда болгон айтышуу монологдору эки жактын тең жашоо үчүн болгон күрөшүн баяндайт. Сур эчки элдик түшүнүк боюнча кайберендердин ээси катары берилет да, ал адамча сүйлөйт, ой жүгүртөт. Кожожаштан текеси Алабаштын чымындай жанын калтыруусун суранып өтүнөт. Аңчылык кесиптин кызыгына берилген мерген Сур эчкинин өтүнүчүн кабыл албайт, адамдык гумандуулукту көрсөтпөстөн, тукумун кырып салат. Жакындарынын, аялы Зулайканын суранганына карабастан, мерген көздөгөн максатынан кайтпайт. Кожожаш кайберендин тукумун эпсиз кырып, каргышына калгандыгы үчүн жазаланат. Сур эчки мерген менен антташып, убадасы боюнча бир жылдан кийин аксак эчки болуп келип, Кожожашты ээрчитип кетет да, андан өч алат. Мергендин аракеттери акыр аягы барып трагедия менен аяктап, Кожожаш аскадан учуп өлөт.

Кожожаш мергендин образында элдин күчү баатырдык салттары, тайманбастыгы, оптимисттик көз караштары орун алган.

Жаркырап жалдын гүлүндөй,
Жалгандын кадыр түнүндөй
Отурат мерген өргөөдө
Оюна бир сөз илинбей
Эпосто мергенге берилген портреттик мүнөздөмө ушундай.

Чыгармадан кино жаралган. 1985-жылы таланттуу режиссер Төлөмүш Океев "Ак илбирстин тукуму"деп аталган 1 саат 20 мүнөттүк көркөм тасма тарткан. Сценарийин драматург, жазуучу Мар Байжиев жана режиссер Төлөмүш Океев жазган. Бул кинотасма кыргыз кино өнөрүндөгү мыкты тасмалардын сабында турган эмгектердин бири.

Фактыларды даярдоодо Сапарбек Закиров баш болгон адабиятчылардын Тил жана адабият институнан чыккан эмгектери пайдаланылды. 

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (113)

Тема боюнча

"Жеңишбек" поэмасы туурасындагы беш факты. Уулун күткөн кыргыз абышканын трагедиясы
Акын Туяк Эрназар уулу жөнүндө кызыктуу алты факты. Даанышман жана ойчул
Белгилер:
мерген, сур эчки, эпос, "Кожожаш" эпосу

ЭҢ МААНИЛҮҮ