Кеп казына. Кара кылды как жарган Калыгул олуя

Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Прогулка по яблоневой роще - Sputnik Кыргызстан
"Олжобай менен Кишимжан" жөнүндө алты факты. Таеже менен жээндин сүйүүсү
Калыгул Бай уулу 1785-жылы Кочкор өрөөнүндө туулуп, бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн көл жээгинде, азыркы Кара-Ой айылында өткөргөн. Түпкү аталары колунда бар манап болгону менен өз атасы Дөөлөт катардагы эле карапайым киши экен. Оң жак бетиндеги калы үчүн Калыгул аталып, сөзгө уста, тири карак, калыс болуп чоңоет. Ошонун аркасы менен эл оозуна бат алынат. 

Ырга салбай кара сөз менен учурунда айтылган кеби ташка тамга баскандай курчтугу, тууралыгы менен тарыхта калган. 

***

Обол мурун ден соолугуң болсо, андан кийин ак жоолугуң болсо, андан кийин боз соолугуң, асылуу казаның болсо, салынуу тулгаң турса, үстүңдө үйүң болсо, жардымын десең эссиздик болор…

***

Алтын ээр ак кабак
Атка тынчы болбосо,
Алтынын алып отко жак.

Күмүш ээр ак кабак,
Күлүккө тынчы болбосо,
Күмүшүн алып отко жак.

Ырыс алды — ынтымак.

Ынтымагы болбосо,
Алдыңан тайаар алтын так.

***

Уй пул болор,
Кул бий болор,

Тоо токол болор,
Талаа токой болор,

Токол байбиче болор,
Аяк адам баш болор,

Баш адамдар пас болор,
Ушундай кызык иш болор.

Тегиз жерден тегирмен чыгар
Тексиз жерден бий чыгар,

Алка жака салынган кийим чыгар,
Акча кагаз пул болуп, тыйын чыгар,

Атасынан баласы кыйын чыгар,
Этеги жок, жеңи жок чапан чыгар,
Эң кийинки баласы тапан чыгар.

Эки жагын кайкайтып кайык чыгар,
Эримди өзүм бийлейм деп зайып чыгар.

Ай билбейм, билбейм, аягы тумандап кетти….
Антсе да турмуш оңолор, жесир кемпир миң кой айдаган, кой үстүнө торгой жумурткалаган заман келээр…

***

Жакшы чыккан азамат
Элин билээр,
Элин билген ал адам
Билим билээр.

Окуп карап ойлонуп,
Илим билээр,

Эчен түрлүү адамдын
Тилин билээр.

***

Санасаң айла таппайсың, ажал менен өлүмгө, тирүүлүктө жүрөбүз, тике басып жаяңдап, тигине ажал билинбей, аңдып турат аяңдап, дүнүйө өтөт желгендей, өтүп кетет кербендей…

***

Кыш болуп кашкая суугу жок,
Жай болуп катыра ысыгы жок,
Ат жеткен жерде
Мындан кызыгы жок…

Мактанып жер жетеби,
Ысык-Көлдөн чыкпагыла, балдар!!!

Жаңылыктар түрмөгү
0